Милиция революцияга даярдануу тууралуу сөздөр айтылган видеону изилдейт

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 11-ноябрда мамлекеттик төңкөрүш боло тургандыгы жөнүндө айтылган «Намба» көңүл ачуу порталындагы видеороликти текшере тургандыгын убадалады.

http://www.youtube.com/watch?v=4s1spBq_xZY

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева милиция 5-ноябрда «Намба» порталына жайгаштырылган «Революция менен Бишкектеги талап-тоноочулукту ким даярдап жатат» деген аталыштагы роликти текшере тургандыгын Kloop.kgнин журналисттерине убадалады.

Болжолдуу түрдө shpuntik ss колдонуучусу тарабынан жайгаштырылган видеодо журналисттерге берген маегинде «Ата Мекендин» депутаттарын 2010-жылдагы апрель революциясы маалындагы талоончулукка айыптаган Айсулуу Дүйшөнкулова сүйлөгөн - ал камакта жаткан Абдулла Юсуповдун шериги болгон.

Анда Дүйшөнкулова «Ата-Журт» оппозициялык партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен «Республика» фракциясынын парламенттеги лидери Алтынбек Сулаймановдордун Жаныш жана Максим Бакиевдер менен байланыштары бар экендигин айткан.

Ал 11-ноябрда болушу керек делинген мамлекеттик төңкөрүштү уюштуруу үчүн криминалдык авторитет Камчы Көлбаев келет, деп да айткан.

«Ата-Журтка» 100 пайыз балдар керек. Алар азыр бардыгын даярдап жатышат. 100 пайыз ок атышат», — деген Дүйшөнкулова.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев видеонун жасалышын парламенттик комиссиянын «Ата Мекен» партиясынын депутаттарынын 2010-жылдагы апрель окуяларында тиешеси бардыгы боюнча ишти кароону аяктап калгандыгы менен байланыштырды.

«Менин оюмча, «атамекенчилер» ал видеону жалпы элге жарыялоо менен ушундай прецедентти түзүштү», – деп эсептейт Какчекеев.

Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Мирослав Ниязов ролик эч нерсени билдирбей тургандыгын айтты. Айтымында, бирок Кыргызстанда үчүнчү революция сөзсүз болот, анын качан болушу «убакыттын гана маселеси».

Автор: Нурсултан Амангулов

Редактор: Александра Ли