Москва: Кыргызстандын жарандары «РИА Новостинин» редакторуна кол салган деп шектелүүдө

Үч кыргызстандык Москва полициясы тарабынан «РИА Новости» маалымат агенттигинин редакторуна кол салган деп шектелүүдө. Билдирүүлөр боюнча, учурда басылманын кызматкери ооруканада. Ал үч кыргызстандыктын бири дагы бир кылмышка — Москва паркында кыз зордуктаган деп шектелип жатат.

Москва полициясы «РИА Новости» маалымат агенттигинин редакторуна кол салган деген шек менен үч кыргызстандык кармалгандыгын, бирок алардын бири гана кол салгандыгын билдирди.

«Тергөөнүн алардын бири 30-октябрда маалымат агенттиктин журналистине кол салган деп болжолдоосуна негиз бар», — деп жазылган Орусия полициясынын пресс-релизинде.

Полиция кыргызстандыктардын аты-жөндөрүн билдирбей эле, бирок алардын бири «Кыргызстанда туулган 29 жаштагы жумушсуз адам» деп катталып жазылган.

Ал 6-ноябрда Москвадагы Октябрдын 50 жылдыгы атындагы парктан кыз зордуктаган деп да шектелип жатат.

Орус полициясы Кыргызстандын үч жаранын тең ошол эле парктан 6-ноябрда кармаган.

Учурда «РИА Новостинин» кызматкери бел жагына алган жарааты менен ооруканада, деп билдирди Москва полициясынын басма сөз кызматы.

Агенттиктин жабыр тарткан кызматкеринин аты-жөнү айтылбай эле. «РИА Новостинин» басылып чыккан материалына ылайык, кол салгандан кийин алардын басылмасынын башкы редакторун тоноп кетишкен.

Бул факт боюнча «адам ден соолугуна атайылап зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду, бул кылмыш үчүн Кылмыш кодексинде 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Учурда тергөө жүрүп жатат. Kloop.kg кармалгандар же алардын жактоочулары менен байланыша алган жок.

Автор: Адилет Калдарбаев