Жактоочу: Ташиев экспертизанын жыйынтыгына кол коюудан баш тарткандыгы үчүн тергөө абагынан чыгарылган жок

«Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган депутат психо-психатриалдык экспертизанын жыйынтыктарына кол коюдан баш тартып, тергөө абагында өз каалоосу менен калгандыгын айтты. Буга чейин Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыгы менен саясатчыны бошотууну убадалаган.

Экспертизанын максаты — коомдук жана саясий ишмер катары Ташиевди жаман көрсөтүп, анын кадырын кетирүү, деп эсептейт 3-октябрдагы митинг учурунда бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелип жаткан саясатчынын жактоочусу.

«Камакка алуу чечими буйрутма экендиги көрүнүп турат. Мисалы, анда Ташиев саясаттан кетүү ниетинде жана Орусияга чыгып кетүүнү каалап жатат деп жазылган. Негизи эле камакка алуу чечими ага карата медициналык мүнөздөгү чараларды колдонууга жол бере тургандай кылып түзүлгөн», — дейт Айткулов.

«Ата-Журттун» лидеринин жактоочусу Ташиевди тергөө абагынан чыгарууга гана эмес, ага карата козголгон кылмыш ишин токтотууга жетишүү ниети да бар экендигин айтты.

«Кылмыш иши мыйзамсыз жана саясий негизде козголгон. [...] Аталган чечимдин чыгарылышына Башкы прокурор жооп бериши керек», – деп эсептейт парламентарийдин жактоочусу.

Башкы прокуратура аталган экспертизанын жыйынтыктары боюнча Ташиевди тергөө абагынан үй камагына бошоткусу келген, бирок көзөмөлдөөчү орган 2-ноябрда аны бошотуу боюнча өтүнүч катын кайтарып алган. Буга экспертизанын жыйынтыгы боюнча Ташиевди жаман көрсөтүү аракеттери тууралуу айткан Айткуловдун билдирүүлөрү себеп болгон.

Ошентип, Камчыбек Ташиев 2012-жылдын 3-декабрына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот. Ал 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалган.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли