Сот Жогорку Кеңешке депутаттардын айлык маяналары тууралуу маалыматты жашырууга уруксат берген жок. Укук коргоочулар айлыктар тууралуу маалыматтар ачык болуш керек деп айтып жатышат.
Бишкек шаардык соту парламенттин райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү өтүнүч катын канааттандырган жок - райондор аралык сот август айынын ортосунда парламентти депутаттардын маяналары жөнүндөгү маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирген.
Парламенттин соттогу өкүлү Эрнис Бакиев бул чечим боюнча алар Жогорку сотко даттанаар-даттанбасы тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына эч нерсе айтып бере алган жок.
Бакиев кандайдыр бир комментарий берүүгө ыйгарым укуктуу эмес экендигин айтты.
Жогорку Кеңештин аппараты буга чейин айлык маяналары тууралуу маалымат кызматтык колдонуу үчүн гана арналгандыгын жана парламент аларды ачыкка чыгара албай тургандыгын билдирген.
Укук коргоочулар Жогорку Кеңеш менен 2012-жылдын май айынан бери соттошуп келе жатышат.
Депутаттардын айлык маяналары салык төлөөчүлөрдүн акчасынан төлөнүп жаткандыктан, коомчулуктун эл өкүлү канча ала тургандыгын билүүгө укугу бар, дейт «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук фондунун юристи Азамат Адилов.
Укук коргоочулар «маалымат алууга болгон мүмкүнчүлүк жөнүндөгү мыйзам бузулгандыктан» парламентке каршы доо арыз жазышкан.
Kloop.kg тарабынан сурамжыланган парламент депутаттары эмне себептен Жогорку Кеңештин аппараты эл өкүлдөрүнүн айлыктары тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылып жаткандыгын түшүнбөй элебиз деп айтышкан.
Ноябрдын башында парламент төрагасы айлык маяналар тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу демилгесин колдой тургандыгын билдирген.
Автор: Айзирек Алмазбекова