Энергетика министрлиги: Быйылкы кышында авариялык электр өчүрүүлөр болот

Техникалык себептерге байланыштуу быйылкы кышында Кыргызстанда электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү болот, бирок үнөмдөө үчүн өчүрүлбөйт.

Парламент жыйынында Кыргызстандын алдыдагы кышка даярдыгы тууралуу маселе каралды. Анда «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев электр энергиясынын мүмкүн боло турган өчүрүүлөрү тууралуу сурады.

«Ооба, өчүрүүлөр болот, анткени бул техника. Ал бузулуп калуу касиетине ээ жана ашыкча жүктөлүш болушу мүмкүн. Бирок үнөмдөө [электроэнергияны] максатында өчүрүүлөр болбойт. Бизде тиешелүү көлөмдөгү суу менен көмүр бар», — деп жооп берди энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов.

Ал министрлик кышында Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө электр энергиясын кодонууга чектөө киргизиши мүмкүн экендигин айтты.

«Кыргызстандын түндүгүнө Токтогул ГЭСиндеги электроэнергиянын 40 пайызы Ташкент-Шымкент-Жамбул-Чалдовар тармагы аркылуу келет. Шымкенттеги керектөөнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу ал тармактын электр энергиясын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жоголгон. Эгер казак же борборазиялык системалык линияларда ашыра жүктөлүштөр болсо чектөөлөр киргизилет», — деп түшүндүрдү Калмамбетов.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан бирдиктүү энергетикалык системага ээ. Кыргызстан электр энергиясын өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө эки коңшу өлкөнүн электр таркатуучу линиялары аркылуу өткөрөт.

Автор: Аскар Акталов