Бишкек мэриясы Ош базарынын айланасындагы жолдорду ачты [+ сүрөт]

Бишкек мэриясы Ош базарынын айланасындагы жолдорду унаалар үчүн ачып жатат. Жергиликтүү бийлик Киев, Токтогул, Кулиев, Бейшеналиева, Рыскулов жана Павлов көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрдү. Жалпысынан оңдоо иштерине 162 млн сом каражат сарптаган.

11:12 08 Ноя 2012 Ачылыштан сүрөттөр:

11:02 08 Ноя 2012 Өмүркулов: Мэриянын бюджетинен 162 миллион сом сарпталды. Фасаддар, тосмолор жана башкалар демөөрчүлөрдүн каражаттарына курулду.

Базардын айланасында автоэвакуаторлор болот, алар уруксат берилбеген жерлерге токтотулган унааларды алып турушат.

10:57 08 Ноя 2012 Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 8-ноябрды жыл сайын «Ош базарын алуу күнү» катары белгилөөнү сунуштады.

10:54 08 Ноя 2012 Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы: Жалпысынан 799 объект ажыратылып, алынды, алардын 428и жеңилдетилген типтеги, 30у курулмалар, 226сы жарнамалык конструкциялар жана 155и басылмалар.

Тартипке келтирүү иштеринин жүрүшүндө 2000ден ашык мыйзамсыз соода кылган орундар жоюлуп, аларга борбордун башка базарларынан орундар берилди.

10:49 08 Ноя 2012 Ош базарынын айланасындагы жолдордун ачылышынан сүрөттөр:

10:40 08 Ноя 2012 Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы: Биринчи кезектеги маселе Чүй, Киевский, Токтогул, Бейшеналиева, Кулиев, Рыскулов, Павлов, Пушкин жана Зеленая көчөлөрү менен чектелген аймактагы унаалардын жүктөлүшүн азайтуу болгон.

10:36 08 Ноя 2012 Мэриянын басма сөз кызматы: Жөө кишилер жүрө турган кичине жолдор оңдолуп, заманбап жаңы беш светофор, 130 жол белгилери жана 15 аялдама комплекси орнотулду.

10:32 08 Ноя 2012 Мэриянын басма сөз кызматы: 2012-жылдын аралыгында жалпы баасы 162 миллион сомду түзгөн базар айланасындагы жолдорду оңдоо, ошондой эле Кулиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишине жер төлөө жана көпүрө куруу иштери аткарылды.