Ош облусу: көмүрдү коңшу өлкөлөргө сатууга тыюу салынышы мүмкүн

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү көмүрдү сыртка ташыган ишкерлерден аны чет мамлекеттерге сатпоону суранууда. Ал эми ишкерлер учурда көмүр сатуу убагы келгендигин жана мындай тыюу салуу каржылык жактан зыян алып келээрин айтып жатышат.

Ош обладминистрациянын басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев kloop.kgге берген маегинде, көмүрдү коңшу мамлекеттерге сатуу жергиликтүү калк үчүн анын баасынын кескин жогорулоосуна алып келиши мүмкүн деген пикирин билдирди.

Ал ошондуктан обладминистрация көмүрдү коңшу өлкөлөргө сатууну убактылуу токтотуп турууну суранып жаткандыгын айтты.

«Жергиликтүү өкмөттүн милдеттенмеси бар. Тажикстанга, Өзбекстанга өтүп кетип жаткандарга бир ай убакытка чектөө киргизип, токтотуп турууну суранып жатат. Себеби бизде азыр тез эле күн суук болуп, калктын көмүргө болгон талабы күчөп кетсе, көмүрдүн баасы 10-15 сомго чейин (килограммы) жогорулап кетиши мүмкүн»,—деди Козубаев.

Кара-Суу районунун Кожокелен айылындагы көмүр кенинин директору Карим Атамбаев учурда көмүр сатуу убагы башталгандыктан тыюу салуу зыян алып келээрин айтты.

«Зыяны тиет, себеби биздин Тажикстан менен келишимибиз бар. Алар көмүрдүн майдасын алат, аны Кыргызстанда эч ким албайт. Тыюу салынса бизде сатуу болбой калат»,—дейт Атамбаев.

Алай районунун Сары-Могол айылындагы көмүр кенинин директорунун орун басары Абдыразак Нишановдун айтымында, тыюу салынса алар туруктуу кардарларын жогутуп коюуулары мүмкүн.

«Ар дайым алып жүргөн кардарлар албай калса албетте финансылык зыян болот. Мисалы, ал жерде кеткен чыгымдарды акташ керек, солярканы акташ керек да. Сезондо сатып жатканда токтотуп койсо жакшы болуп калбайт го»,—деди Нишанов.

Учурда жергиликтүү калкка көмүрдүн килограммынын баасы 4-5 сом болсо, коңшу мамлекеттерге деле ошондой эле баада сатылууда.