Саясат таануучулар: Кытайдын жетекчилигинин алмашышы Кыргызстан менен болгон мамилесине таасирин тийгизбейт

Кытайдын бийликтеги коммунисттик партиясы өлкөнүн жаңы башчысын шайлоо үчүн 18-съездге чогулду. Чет элдик маалымат каражаттары партиянын төрагасы болуп учурдагы төраганын орун басары Си Цзиньпин шайланышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Саясат таануучулар Кытайдын Кыргызстанга болгон сырткы саясаттагы мамилеси өзгөрбөйт деген пикирлерин билдиришти.

Кытайда жаңы өлкө башчысын тандап алуу процесси коммунисттер бийликке келген 1949-жылдан бери жабык түрдө өтөт. Жаңы жетекчи ар он жыл сайын коммунисттик партиянын съездинде саясий бюронун мүчөлөрү тарабынан шайланат.

Кытай мыйзамдарына ылайык, 68 жаштан улуу адамдар саясий бюронун комитетинин туруктуу мүчөсү боло албайт. Кытайдын коммунисттик партиясынын төрагалыгына талапкер болот делинип жаткан Си Цзиньпин 59 жашта.

Кыргыз саясат таануучулары Кытайдагы жетекчиликтин алмашуусу ал өлкөнүн Кыргызстан менен болгон мамилесине эч таасирин тийгизбейт деген пикирлерин билдиришти.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Кытайдагы салтуу түрдө бийликтин ишин улантуучулук принциби өлкөнүн сырткы саясатынын багытын өзгөртүүгө жол бербейт деп эсептейт. Ал Кытай Кыргызстанга каражат бөлүүсүн уланта берет деп болжолдоду.

«Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында каржылык салымдардын өлчөмү боюнча Кыргызстан Тажикстандан кийинки экинчи орунда турат, бирок алар өсүп жатат: алар энергодолбоорлор дагы, жолдордун курулушу дагы, тоо кендерин иштетүү тармаг дагы», — дейт Казакпаев.

Саясат таануучу Марс Сариев кесиптешинин пикири менен макул. Ал партиянын жаңы төрагасы Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга багытталган «экономикалык жайылтуу» саясатын улантат деп эсептейт.

Серепчинин пикиринде, Кытай өз ишкерлери менен Кыргызстандын бийлигинин ортосундагы чыр-чатактарга көп деле көңүл бурбайт. Бирок, Сариевдин айтымында, өлкө алтын казуу менен алектенген компанияларынын жаңжалына «катуу» жооп берет.

«Кытай өкмөттүк деңгээлде туруктуулугун көрсөтүп ийкемсиз реакция жасайт. Биздин бийликке аны менен эсептешүүгө туура келет», — дейт серепчи.

Ал Кытай газ менен мунайдын запастарына болгон кызыгуусунан улам кыргыз экономикасына кирүүсүн уланта берет деп эсептейт.

Кыргызстандын аймагында мунай иштетүүчү жана алтын казып чыгаруучу бир нече кытай заводу бар - жергиликтүү тургундар ал кытай ишканалары айлана-чөйрөнү булгап жатат деп, аларга каршы бир нече жолу митингке чыгышкан.

Автор: Хлоя Гейне