Сот Сабировго 12-ноябрда өкүм чыгарат

Ноябрдын ортосунда Биринчи май райондук соту мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго өкүм чыгарат, деп билдирди анын жактоочусу. Мамлекеттик айыптоочу экс-министрди 15 жылга соттоону суранып жатат.

Экс-министрдин жактоочусу Икрамидин Айткулов соттун 12-ноябрдагы отурумунда Сабировго акыркы сөзүн айтуу укугу берилип, андан кийин судья өкүм чыгара тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

Айткулов Башкы прокуратуранын күнөөлөрүн жөн гана «божомол» деп атап, экс-министрди актап чыгышат деп эсептейт.

«Коюлуп жаткан күнөөлөрдүн бардыгы кийин көрсөтмөсүнөн баш тарткан Мирзахметовдун [Сабировдун жардамчысы] айткандарына негизделген. Эч кандай далил жок, бардыгы божомол», – деди Айткулов.

Мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков Сабировду 15 жылга, анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну өтүнүп жатат.

Сабиров италиялык компаниядан бала асырап алуу уруксатын бере турган лицензия үчүн «пара талап кылган» деп шектелип жатат.

3-октябрда өткөн соттун отурумунда экс-министр Сабировдун айыпталып жаткан мурунку жардамчысы Тахир Мирзаметов өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн – эми ал жетекчисинин эч кандай күнөөсү жоктугун айтып жатат.

Башкы прокуратура Сабировго каршы кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, Мирзахметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда ал параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын айткан.

Экс-министрдин жардамчысы өз күнөөсүн моюнуна алып, жубайы жана кичинекей баласы бар экендигин айтып жумшагыраак өкүм чыгарууну өтүнүүдө.

Атайын кызматтагылар Сабировду 5-июлда кармашкан. Чиновник өз дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагууда.

«Мен айыптоонун бир дагы пункту менен макул эмесмин, күнөөм жок. Мен эч кимден пара талап кылган да эмесмин, алган да эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот отурумдарынын биринен кийин.

Автор: Виктория Васильева

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды