Сулайман-Тоонун тескейиндеги көчөдө жайгашкан 70 үй жарыксыз калды

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Алишер Навои көчөсүнүн 12 электр эсептегичи менен трансформатор беш күн мурун белгисиз себептерден күйүп кеткен. Натыйжада айрым жашоочулардын техникалары жарактан чыккан. Учурда жашоочулар «Ошэлектро» менен эсептегичтердин күйүүсүнүн себептерин изилдөөдө.

Азыр жараксыз трансформатордун айынан 70 үйгө жарык качан берилээри белгисиз.

Күйүү кайсыл себептерден болгондугу да анык эмес.

Жабыркаган жашоочулар жалпы арыз жазып, «Ошэлектрого» жөнөтүшкөн.

Алардын айтуусунда, Кытайдан келген эсептегичтер сапатсыз болгондуктан күйүп кеткен.

Ал эсептегичтерди бул мекеме бир жарым жыл мурун орноткон.

Бирок «Ошэлектронун» башкы директорунун орун басары Нурлан Садыков абоненттердин бири өз кызыкчылыгы үчүн бир убакытта эки трансформатордон электроэнергиясын улап алган жаран бул күйүп кеткен эсепкичтердин себеби болушу мүмкүн.

«Азыр дүйнө жүзүнүн баары эле кытай да. Бул жерде бирден бир себеп болгон азыркы кырдаалда 70 абоненттин арасында эки тараптан электр энергиясын улап алган жаран бар [...]. Бул азырынча божомол. Дүйшөнбүдөн биздин кызматкерлер келип, текшерип андан соң бир жыйынтык чыгарабыз», —дейт Садыков.

Ушул көчөдө кеңсеси жайгашкан «Мыйзам жана Тартип укук коргоо» борборунун жетекчиси Изатилло Рахматиллоев күйүүнүн себеби «сапатсыз» кытай эсептегичтеринен экенин айтып, Ош шаардык электро энергия сатуу мекемесин күнөөлөдү.(«Энергосбыт»).

«Бул счетчик кытайдыкы. Берки өзүбүздүн СССРдики эч нерсе болбойт. Бул кытайдын счетчиктери бомбадай жарылат экен [...]. Бул албетте «Энергосбыттын» күнөөсү», — деп оюн билдирди Рахматиллоев.

Ал эми ушул эле көчөнүн тургуну Эркин Байназаров, күнөөкөрдү издебей, суук түшкүчөктү эсептегичтерди жашоочулар өздөрү жаңылаш керек дейт.

«Эми муну эксперттер тактап чыкмайынча, тигинин же мунун күнөлүү деп айтуудан алысмын. Бул табийгый көргүлүкбү же кырсыкпы муну күнөөкөрдү издебей ар ким өзү [электро эсептегичин]эле койдуруш керек», —деди Байназаров.

Ал эми Ош шаардык электро энергия сатуу мекемесинин жетекчиси Нурлан Мамадалиевдин kloop.kgге берген маегинде, күйүп кеткен электр эсептегичтердин барын өздөрү каржылап, орнотуп берээрин айтты.

«Азыр ал жакта коммисия иштеп жатат. Эгерде электро эсептегичтердин күйүп кеткендиги чын болсо, биз барын бүтүрүп беребиз», —дейт Мамадалиев.

Редактор: Айзат Шакиева