Садыркуловдун өлүмү боюнча сот отурумундагы тараптардын жарыш сөзү


Сот 2009-жылдын март айында каза болгон Бакиевдин администрациясынын мурунку башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти кароонун акыркы стадиясына киришти. Сот жообуна тартылып жаткандар отура турган орунда 7 киши бар.

12:33 09 Ноя 2012 Судья сот отурумун 12-ноябрга жылдырды.

12:26 09 Ноя 2012 Сот сот жообуна тартылып жаткандардын ар бирине акыркы сөз айтуу укугун берди. Бардыгы тең күнөөлүү эместиктерин айтып жатышат.

12:13 09 Ноя 2012 Айткулов: кыйноо болсо эмне болсо да моюнуңа аласың, бирок бул анча маанилүү эмес. Көрсөтмөлөр бир нерсе менен ырасталышы керек да.

12:11 09 Ноя 2012 Айткулов: Башкы прокурор Аида Салянова чыныгы күнөөлүүлөрдүн сот жообуна тартылышына кызыкдар эмес.

12:08 09 Ноя 2012 Прокурор сот жообуна тартылып жаткандарга карата кыйноолор колдонулгандыгы боюнча жактоочулардын айткандарын жана далилдердин жасалмалуулугун текшерүүнү соттон суранды.

11:58 09 Ноя 2012 Бөрүбаев: Мен алардан кечирим сурайм жана бардык жактан өз жактоочумду колдойм.

11:57 09 Ноя 2012 Бөрүбаевдин жактоочусу: мен жактоого алган Бөрүбаевди күнөөсүн өзү мбюнуна алган беренелер боюнча минималдуу мөөнөттөгү жаза берип жана минималдуу баш коргоо чарасын белгилеп берүүнү, ал эми калган беренелер боюнча актап чыгууңарды суранам.

11:55 09 Ноя 2012 Унаа кырсыгын уюштурган деп күнөөлөнүп жаткан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Садык Бөрүбаевдин жактоочусу сүйлөп жатат.

Бөрүбаевдин жактоочусу: Мен тергөөнүн Бөрүбаевдин күнөөлүү экендигин далилдеген фактыларга жасаган шилтемелерин негизделбеген жана туура эмес деп эсептейм.

11:43 09 Ноя 2012 Турдукулов: Мен өзүмдүн жактоочумду колдойм. Учурдан пайдаланып каза болгондлодун үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм, актап чыгууңарды суранам.

11:42 09 Ноя 2012 Айткулов: Соттош үчүн 100 пайыздык далил керек, андай далилдер жок. Ошондуктан Турдукуловду актап чыгууңарды суранам.

11:40 09 Ноя 2012 Айткулов: Коомдо күнөөлүүлөрдү кармашты, сот жоопкерчилигине тартышты деген сезим жаратышты. А бул андай эмес, чыныгы күнөөлүүлөр эркиндикте жүрүшөт.

11:38 09 Ноя 2012 Айткулов: Мунун бардыгы атайын эле жасалып жатат деп эсептейм. Белоруссия да, Улуу Британия да сурамды саясатташырылган деген чечимге келип Бакиевдерди бербесин деп. Сот жообуна тартыш үчүн өзүн өзү коргой албагандарды тандап алышкан да жогорку кызматтагылардын тартылып жаткандыгын көрсөтүү үчүн Темирбаевди кошуп коюшкан.

11:36 09 Ноя 2012 Айткулов: Тергөө бул өлтүрүүгө Бакиевдер күнөөлүү деп эсептеп жатат, эгер андай болсо эмнеге аларды күбө катары суракка алышкан жок? Менин оюмча, бул жерде бул ишке Бакиевдерди тартуу боюнча реалдуу кызыгуу болгон эмес.

11:34 09 Ноя 2012 Айткулов: Менде бир катар жүйөдалилдер бар: кээ бир шектелип жаткандарга каршы козголгон кылмыш иштеринин токтотулушу туура эмес болгон. Мындай болуп калып жатпайбы - алар камакта болчу, кылмыш ишин токтотушту да кое берип жиберишти. А биздин аларга бере турган дагы суроолорубуз бар болчу да. Тергөөдөгү калыстыкты камсыз кылуу үчүн кылмыш иштерин токтотпой деле коюшса болмок.

11:32 09 Ноя 2012 Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку кызматкери Марат Турдукуловдун жактоочусу Икрамидин Айткулов: Мен кесиптештеримдин бардык жүйөдалилдерине кошулам. Сот жообуна тартылып жаткандардын бардыгы буга чейинки көрсөтмөлөрүндө басым жасалгандыктан ал көрсөтмөлөрүнөн баш тартышты.

11:25 09 Ноя 2012 Маткайымов: Тергөөчү суроо берип аларга кайра эле өзү жооп берип жаткан. Көчүрмөдө так ошол боюнча чыгып калган.

11:23 09 Ноя 2012 Маткайымов: Мен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Жактоочумду толугу менен колдойм. Сурак жүрүп жатканда мага басым жасашып, кандай жооп беришим керектигин айтып берип турушкан.

11:21 09 Ноя 2012 Маткайымовдун жактоочусу: Тергөө мен жактоого алган Маткайымовго кайсы принциптер боюнча күнөө такканына түшүнбөй жатам. Маткайымовдун бул ишке тиешеси бардыгы далиденбегендиктен аны актап чыгууна суранам.

11:20 09 Ноя 2012 Маткайымовдун жактоочусу: Сот жообуна тартылып жаткандардын бардыгы тең ар бир сурактын алдында физикалык жана психологиялык басымдар жасалгандыгын айтышты.

11:07 09 Ноя 2012 Байженовдун жактоочусу: Ошондой эле Сулайманов(Кубат Сулайманов – Садыркуловдун айдоочусу) кагаздан окуп көрсөтмө берген. Ал үч бетти барактап туруп кагазды тергөөчүгө бергендиги видеодо көрүнүп турат.

Прокуратуранын өкүлдөрү менен айыптоочулары суроо берип жатканда басым жасап жаткандыктары көрүнүп турган. Бир эле суроолорду кайра-кайра беришкен жана тергөөнүн эмнеге бул жол менен баргандыгы мага түшүнүксүз.

Учурда мен жактоого алган Байженовго каршы Жапаров гана көрсөтмө берип жатат, а ага басым жасалган.

Мен Бакыт Байженовду актап чыгууңарды суранам.

10:55 09 Ноя 2012 Ички иштер министрлигинин атайын топбунун мурунку кызматкери Эргешбек Маткайымовдун жактоочусу сөз сүйлөп жатат.

Маткайымовдун жактоочусу: Мен жактоого алган Маткайымовдун бул ишке тиешеси бардыгы боюнча эч кандай далилдерди көрө алган жокмун.

10:46 09 Ноя 2012 Байженовго сөз беришти.

Байженов: Мен эч качан өлтүргөн эмесмин, урган да, өрттөгөн да эмесмин. Мен күнөөлүү эмесмин. Мен батир алуу үчүн Мамлекеттик күзөт кызматына которулайын дегем.

10:38 09 Ноя 2012 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» тобунун кызматкери Бакыт Байженовдун жактоочусу сөз сүйлөп жатат.

Байженовдун жактоочусу: мен жактоого алган Байженов 13-сентябрда кармалган, мурунку жактоочусу өз милдеттерин так аткарбай жаткандыгын түшүнүп, анын кызматтарынан баш тарткан. Кийинчерээк жактоочу Сариеванын катышуусунда Жапаров (Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку офицери Абдыкалык Жапаров) менен беттештирилген. Анда Жапаровдун көрсөтмөлөрүнө тергөөчү психологиялык басым жасап жаткандыгы көрүнүп турган.

09:55 09 Ноя 2012 Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурунку башчысынынын жактоочусу ал жактоого алган Нурланбек Темирбаевдин күнөөсү жок экендигин айтууда.

09:50 09 Ноя 2012 Сот жообуна тартылып жаткандарды сот залына алып келишти. Судья Марлен Тентимишев процессти баштады, тараптардын жарыш сөзү уланууда.

12:23 Садыркуловдун иши: Сот Жаныш Бакиевдин жансакчысына карата козголгон кылмыш ишин токтотту.

07:53 Эгер тараптар соттун чечими боюнча 10 күндүн аралыгында даттанбаса Аскер соту мунапыс боюнча Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот жообуна тартылып жаткан Алтынбек Амракуловго карата козголгон кылмыш ишин токтотушу мүмкүн.

11:05 Жактоочулардын өтүнүчү менен Медет Садыркуловдун өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан эки адам №50 тергөө абагынан УКМКнын тергөө абагына которулат.

11:27 Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып жаткандардын бири «начар» медициналык кызмат көрсөтүлүп жаткандыктан №50 тергөө абагынан УКМКнын тергөө абагына которууна талап кылып жатат.

12:05 Курманбек Темирбаев Садыркуловдун анын шаар сыртындагы үйүнөн өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты четке кагып жатат.

Автор: Бермет Момункулова