Ош шаарында беш күнгө электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөт


Ош шаары боюнча бардык райондордо маал-маалы менен 9-13-ноябрга чейин подстанцияда ондоо иштери жүрүп жаткандыгынан, электр жарыгы берүү токтотулат.

Подстанциялардын бири толук реконструкциялоо болуп жатат. Жарыкты берүү чектөөлөр таңкы саат жетиден тогузга чейин болот. Ал эми кечиндеси 16:00дөн 22:00гө чейин өчүрүлөт деп маалымдайт «Ошэлектро».

Бул подстанция ишке түшсө Ош облусу Өзбекстанга көз каранды болбойт деп kloop.kgге берген маегинде айтты «Ошэлектронун» орун басары Нурлан Сыдыков. Бирок азырынча качан бүтүрүлөөрү белгисиз.

Жарыкты чектөөсү Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу жана Араван райондорунда да беш күнгө өчүрүлөт.