Сот Бакиевдердин Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бардыгы боюнча ишти карайт

Аскер соту 9-ноябрда качып кеткен президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш Бакиевдин президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бардыгы боюнча ишти карап баштайт.

Садыркуловдордун үй-бүлөсүнүн өкүлү Леонид Лужанский аскер сотунда иш боюнча алгачкы угуу 9-ноябрда болоорун Kloop.kgге билдирди.

Жактоочу сот процесси ачык өтө тургандыгын кошумчалады.

Аскер сотунун Бишкек гарнизону Бакиевдердин Садыркуловдордун өлүмүнө тиешеси бардыгы боюнча ишти 25-сентябрда алган, деп билдиришти секретариатынан Kloop.kgге.

Курманбек Бакиевдин оң колу катары бир нече жыл кызмат кылган Садыркулов президенттин аппарат башчылыгынан кеткенден кийин көп өтпөй, 2009-жылдын мартында каза болгон.

Ал Казакстандан келе жаткан, болжолдуу түрдө Садыркулов ал жерде президентти «кетирүү» тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн — бул тууралуу «Викиликс» сайтына басылып чыккан АКШ элчилигинин сыр каттарында да жазылган. Садыркулов өлөөрүнө аз калганда ал пландары тууралуу АКШ элчилигине билдирген.

Бакиев президент болуп турган маалда Садыркулов унаа кырсыгынан каза болгон, деген расмий версия айтылып келген — анда милиция Кой-Таш капчыгайында Өмүрбек Осмоновдун башкаруусундагы «Ауди» үлгүсүндөгү унаа Садыркуловдун унаасын келип сүзгөн, анын жыйынтыгында эки унаа тең өрттөнүп кеткен деп айтышкан.

Бакиев президенттиктен кеткенден кийин Садыркуловдун өлүмү боюнча угуулар кайрадан башалган. Тергөө жаңы версияны айтып чыккан, ага ылайык, президенттин мурунку аппарат жетекчиси менен анын жанындагылар Курманбек Бакиевдин иниси - Жаныштын буйругу менен өлтүрүлгөн.

Аскер прокуратурасы Курманбек Бакиевди адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп күнөөлөп жатат.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли