Башкы прокуратура экспертизаны жүргүзүүдө Ташиевдин укуктары бузулган деген маалыматты четке кагууда

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы алгач «Ата-Журттун» лидери менен анын жактоочусунун экспертизага эч кандай дооматтары жок болгондугун, бирок кийинчерээк пикирлери өзгөрүп кеткендигин билдирип, далилдөөгө аракет кылууда. Депуттын жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган Ташиевдин укуктары бузулгандыгын айтууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго карата соттук-психо-психатриалдык экспертиза белгиленгенде макул эместиктери тууралуу арыздар болбогондугун билдирүүдө.

«Ошол эле Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага 2012-жылдын 2-ноябрында арыз берген, анда ал Башкы прокуратурага эч кандай дооматтары жок экендиги жана аталган экспертизаны белгилөөдө жана өткөрүүдө айыпталып жаткан Камчыбек Ташиевдин укуктары менен кызыкчылыктары бузулган эместиги жазылган», – деп жазылган көзөмөлдөө органынын сайтында.

Бирок, Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, кийинчерээк Ташиев менен анын жактоочусу көз караштарын өзгөртүп, үч депутаттын тең акыл-эси ордунда деген чечим чыгарган экспертизанын жыйынтыктары менен макул эместигин билдиришкен.

Айткулов ал чындыгында эле экспертизаны белгилөөгө эч кандай дооматы жок экендигин, бирок бул анын жыйынтыгына тиешеси жоктугун Kloop.kgге айтты.

«Экспертиза менен расмий тааныштыруу 6-ноябрда кечинде болду, буга чейин бизди экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштырышкан эмес. Мен андай жыйынтыктар менен таанышмын деп бир дагы жерге кол койгон эмесмин, таппайсыңар андайды», – деп ишендирүүдө жактоочу.

Ал Ташиевди адаштырып, жыйынтыкка алдоо жолу менен кол коюдуруп алышкан деп эсептейт.

«Мунун бардыгын аны алдоо жолу менен алышкан[экспетизанын жыйынтыгына макулдугун]. Ал ишенип калган, ага жыйынтыктын бир гана бөлүгүн, мүмкүн такыр бир башка жыйынтыкты көрсөтүшкөн, анан ал кол коюп берген», – деп эсептейт парламентарийдин жактоочусу.

Экспертизанын буйрутма жыйынтыгы

Экспертизанын максаты — коомдук жана саясий ишмер катары Ташиевди жаман көрсөтүп, анын кадырын кетирүү, деп эсептейт 3-октябрдагы митинг учурунда бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелип жаткан саясатчынын жактоочусу.

«Камакка алуу чечими буйрутма экендиги көрүнүп турат. Мисалы, анда Ташиев саясаттан кетүү ниетинде жана Орусияга чыгып кетүүнү каалап жатат деп жазылган. Негизи эле камакка алуу чечими ага карата медициналык мүнөздөгү чараларды колдонууга жол бере тургандай кылып түзүлгөн», — деген Айткулов.

«Ата-Журттун» лидеринин жактоочусу Ташиевди тергөө абагынан чыгарууга гана эмес, ага карата козголгон кылмыш ишин токтотууга жетишүү ниети да бар экендигин айтты.

«Кылмыш иши мыйзамсыз жана саясий негизде козголгон. [...] Аталган чечимдин чыгарылышына Башкы прокурор жооп бериши керек», – деп эсептейт парламентарийдин жактоочусу.

Ал экспертизанын жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура Ташиевди үй камагына бошоткусу келген, бирок 2-ноябрда көзөмөлдөөчү орган депутатты кое берүү боюнча жиберген өтүнүч катын кайтарып алган. Ага Айткуловдун экспертизанын жыйынтыгы боюнча Ташиевди жаманатты кылуу аракети богондугу тууралуу айткан билдирүүсү себеп болгон.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды