Кыш башталгандыктан ооган кыргыздарына гуманитардык жардам жөнөтүү 2013-жылга жылдырылды

Ооган кыргыздарына гуманитардык жардам болжол менен 2013-жылдын июль айынын аягында жөнөтүлөт, деди «Кыргыз бутагы» фондусунун директору. Буга чейин июлдун аягында Кыргызстан Тажикстандын Хорог шаарындагы атышуулардан улам гуманитардык жардам жөнөтө албай калган — анда тажик бийлиги коопсуздук үчүн чек арасын жаап салган.

Ооганстандын Памир тоолорунда жашаган ооган кыргыздарына 2013-жылга чейин гуманитардык жардам жөнөтүлбөйт, дейт «Кыргыз бутагы» фондусунун директору Гүлзат Болотова. Айтымында, ага кыштын келиши себеп болгон.

«Болжолдуу түрдө гуманитардык жардамды июлда жөнөтүүгө мүмкүн болот, анткени Вахан чубама жолу [Ооганстан менен Кытайды Тажикстандын чер арасы аркылуу бириктирип турган жол] жылына бир гана айга - августта ачылат, ал эми сентябрда кар жаап салат», — дейт Болотова.

Ал кошумчалагандай, күндүн сууктагандыгына байланыштуу - Ооганстанга жардам көрсөтүү үчүн барып, план боюнча ал жерде жарым жыл жашашы керек болгон мугалимдер менен дарыгерлер да жиберилген эмес.

«Мен эмнеге мугалимдер менен дарыгерлерди жибербегендиктери боюнча мамлекеттен жооп ала элекмин. Жооп күтүп атам», — дейт фонддун директору.

Кыргызстан ооган кыргыздарына гуманитардык жардам катары — ун, туз, самын, тамеки, оюнчуктарды, жылуу кийимдерди жана кеңсе буюмдарын 3-августта жиберүүнү пландаган.

Бирок Кыргызстандын бийлиги Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы жабык болгондуктан азык-түзүлүктү белгиленген убакта жөнөтө алган эмес.

Автор: Айшоола Айсаева

Сүрөт ktrk.kg сайтынан алынды