Мэрия Ош базарынын айланасында туура эмес токтотулган унааларды алат

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Ош базарынын айланасында мыйзамсыз, туура эмес токтотулган унааларды алып, айып төлөй турган жайларга жеткире турган эвакуаторлор пайда болоорун билдирди. Бул боюнча сурамжыланган айдоочулар ар түрдүү пикирлерин билдиришти.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Ош базарынын айланасындагы көчөлөрдө атайын унаа токтотчу жайлар бар экендигин жана ар бир тилкеге эвакуаторлор бекитилип, унаалардын мыйзамдуу коюлушуна көз сала тургандыгын билдирди.

«Эгер мыйзамсыз унаа токтотуу же мыйзамсыз соода кылуу фактылары катталса аларга карата эвакуаторлор колдонулат», – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын нөөмөтчүсү эвакуатор уруксат берилбеген жерлерге токтотулган унааларды айып төлөй турган траспорт токтотуучу жайга алып барат, деп билдирди.

Эвакуациянын баасы бир миң сомду түзөт. Унаа токтотчу жайга транспортун коюу үчүн ээси 45 сом төлөөгө тийиш.

Ош базарынын айланасы толугу менен ирээтке келтирилди, жол белгилери коюлуп, жаңы светофорлор орнотулду, деп кошумчалашты мэриядагылар.

Айдоочу Павел Коваленко эвакуаторлор керек деп эсептейт. Айтымында, шаарда уруксат берилбеген жерлерге токтотулган унаалар көп кездешет.

«Карагылачы эмне болуп жатат. Тар көчөлөрдө жол тегерегине коюлган унаалардан өтүп кете албайсың», – дейт Коваленко.

Аны такси айдоочу Рустам да колдоду.

«Туура, алыш керек. Каалаган жерге токтотпостон туура жерге токтотуш керек да», – деди ал.

Бишкек шаарынын тургуну Николай Яненков унааларды алууга терс көз карашта экенин билдирди.

«А биз унааларды кайсыл жерге коюшубуз керек? Ош базарынын айланасына унаа токтотчу жайларды көп ачыш керек, антпесе Жаш гвардия гүлбагына чейин толуп кетет», – деди Яненков.

Бишкек мэриясы Ош базарынын айланасындагы жолдорду 8-ноябрда ачты. Жергиликтүү бийлик Киев, Токтогул, Кулиев, Бейшеналиева, Рыскулов жана Павлов көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөргөн. Оңдоо иштерине жалпысынан 162 миллион сом каражат сарпталды.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли