Эки шарап чыгаруучу компания «Совет шампаны» товардык белгисин талашып жатат

«Алтын Шампаны» компаниясы каалаган компания «Совет» товардык белгиси менен шампан чыгарууга укуктуу болуш керек деп эсептейт. «Аталык Груп» шарап өндүрүү фирмасы ал бренд аларга гана таандык экендигин айтып, далилдөөгө аракет кылып жатат. «Алтын Шампаны» компаниясынын юристи Каныбек Абдыкулов журналисттер менен жолугушуу маалында «Совет шампаны» товардык белгиси бардыгына таандык болушу керектигин билдирди. Фирма товардык белгини жеке өзү колдонгондугу үчүн «Аталык Груп» компанисын сотко берген. «Товардык белгини каттоо мыйзам бузуулар менен аткарылгандыктан биз[«Алтын Шампаны»] Кыргызпатенттин алдындагы Апелляциялык кеңешке даттануу арызын жөнөткөнбүз», — дейт «Алтын Шампандын» юристи. Интеллектуалдык менчик жөнүндөгү даттануулар боюнча талаш-тартыштарды караган Апелляциялык кеңеш 2011-жылдын 15-июлунда аталган товардык белги «Аталык Груп» компаниясы тарабынан мыйзамсыз катталган деген чечим чыгарган. «Чечим дароо эле күчүнө кирген жана «Алтын Шампандын» аталган суусундукту чыгарууга толук укугу бар», — дейт компаниянын юристи. Өз кезегинде «Аталык Груп» компаниясынын юристи Ольга Сариева товардык белги «мыйзамсыз» катталган деген маалымат жалган экендигин Kloop.kgнин кабарчысына билдирди. Сариева товардык белги толугу менен алардын ишканасына тиешелүү экендигин айтып, ишендирүүгө аракет кылууда. «Биз аталган товардык белгини сатып алып, Кыргызпатенттен каттоодон өткөргөнбүз. Бардык формалдуулуктар аткарылган», — дейт юрист. Ал «Алтын Шампаны» акча иштеп табуу максатында алардын товардык белгисин мыйзамсыз колдонуп жатат деп эсептейт. Юрист Жогорку соттун 2011-жылдын 5-апрелинде чыгарган чечимине таянууда – анда сот атаандаштарына «Совет шампаны» брендин колдонууга тыюу салган. «Соттун чечими боюнча, аталган продукцияны чыгарууга башка ишканалардын укугу жок, ошондуктан «Алтын Шампаны» шампандарын мыйзамсыз чыгарып жатат», — деди «Аталык Груптун» юристи. Кыргызстанда «Совет» товардык белгиси боюнча шампан чыгаруу 2007-жылы башталган. Ал товардык белгини жогорудагы эки компания тең бир убакта колдоно баштаган. Автор: Адилет Калдарбаев