«Эл аралык стандартка» өткөндүгүнө байланыштуу «Куликов тортторунун» баасы жогорулады

Компаниядан тортторго болгон баалардын жогорулашы эл аралык стандартка өткөдүктөрүнө байланыштуу экендигин билдиришти. Монополияга каршы комиссия компания жеке менчик болгондуктан алардын койгон бааларына таасир эте албайбыз деди. Интернет колдонуучулар торттордун жаңы бааларына нааразы болууда.

Компаниянын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Роман Коробов Kloop.kgге берген маегинде баалар компаниянын бардык өндүрүмү үчүн жогорулабагандыгын айтты. Ал баалардын жогорулашы жаңы стандартка өткөндүгүнө байланыштуу экендигин билдирди.

«Бизге бардык эле сырье боло бербейт, ошондуктан сырье менен жабдып туруучу компанияларга катуу талаптарды коюп, тандап баштадык. Ошондой эле биз өндүрүштөгү жабдыктарды жаңылап,сактоо жана өндүрүүдө өзгөчө технологияларды колдоно баштадык», – дейт Коробов.

Маркетинг бөлүмүнүн башчысы 800 граммдык бисквит тортунун орточо баасы 280-350 сом экендигин билдирди.

«Мисалы, буга чейин 700 граммдык «Снежок» бисквит торту 230 сом турса, эл аралык стандартка өткөндөн кийин анын баасы 270 сом болду. Шоколад тортунун килограммы 480 сом болсо азыр 650 сом», - деди маркетолог.

Коробов баалардын кымбатташына карабастан «Куликов торту» сатып алуучуларынын көбүн жоготпойт деп эсептейт.

«Бул саясатыбыз менен биз ар бир кардарга жага албайбыз. Биздин соодада кандайдыр бир жоготуулар болушу мүмкүн. Кандай гана товарга болбосун баалардын жогорулоосу кардарлар тарабынан жакшы кабыл алынбайт да», – деп түшүндүрдү маркетолог.

Экономика министрлигинин алдындагы Монополияга каршы комитеттин коррупция бөлүмүнүн кызматкери мекеме компаниянын тортторунун бааларына таасир эте албайт деди.

«Аталган компаниянын каржылык иштерине эч кандай мамлекеттик органдын кийлигишүүгө укугу жок. Ал компаниянын ишмердүүлүгүн бир дагы орган жөнгө салбайт», – деп билдирди аты-жөнүн атагысы келбеген кызматкер.

«Твиттер» микроблоггдук платформасынын колдонуучусу Мурат Алайчиев «Куликов торту» өз өндүрүмү үчүн бааларды бекер жогорулатты деп эсептейт.

«Мен үч шоколадка жогорулаган бааларга дагы деле капаланып жатам», деп жазган ал.

@_Red_Devils_ аттуу колдонуучу Куликов торту таттуулар үчүн бааларды жогорулатуу менен өзүнө өлүм жазасын жазып жатат, деп жазган.

«Дизель» форумунун @lf@ аттуу колдонуучусу мындай баадагы тортту сатып алууга даяр эместигин билдирген.

«Кечиресиңер, бирок мындай баага жарым кой сатып алган жакшы», – деп жазат колдонуучу.

Аны Яночка ники менен катталган форумдун башка колдонуучусу колдогон.

«Күлкүмдү келтирбегилечи, Куликовчулар монополистпиз, Кыргызстандын рыногунда бир дагы кондитер табылбай калат деп ойлоп атышабы? алар болбосо башкалар бар! [...] Мындай бааларга мен принцип үчүн алардын “накта натуралдуу тортторун” сатып албайм» , – деп жазган Яночка.

«Куликов торту» компаниясы 1991-жылы негизделген. Учурда компания тарабынан чыгарылган 70тен ашык аталыштагы торттор менен кондитер азыктарынын түрлөрү бар.

Бишкекте «Куликов торту» аталышындагы алты фирмалык дүкөн жана 120дан ашык соода орундары иштейт.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли