Гепатит А менен ооруган балдардын саны көбөйгөнү менен Бишкектин мектептеринде карантин жарыяланган жок

Мектептерде ооругандардын саны карантин жарыялоо үчүн керек болгон чекке жете элек, деп билдирди Санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаардык бөлүмү. Санитардык эпидемиологиялык станциянын маалыматы боюнча, борбордо ооруга чалдыккан балдардын саны боюнча карантин жарыялоо чегинен ашып кеткен мектептер да бар.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Динара Бексарова азырынча алар карантин жарыялабай тургандыктарын айтты.

«Акыркы маалыматтар боюнча, орууга чалдыккандардын саны карантин жарыялоо үчүн керек болгон чекке жете элек. Азыр анча деле көбөйгөн жок», – деди Бексарова.

Карантин жарыялоо чегине жетүү үчүн класста бир маалда ооруп жаткан балдардын саны бешке жетиши керек.

Санитардык эпидемиологиялык станциянын бөлүм башчысы Барат Умаров Kloop.kgге берген маегинде акыркы 10 айдын аралыгында гепатит менен ооругандардын саны өсүп кеткендигин билдирди.

«Гепатит көбөйүп жатат, бардык мектептерде катталды», – дейт Умаров.

Бишкектин кээ бир мектептеринде бештен ашык сарык оорусу менен ооруган учурлар катталган, деп кошумчалады санитарлык эпидемиологиялык станциянын кызматкери.

Ооруларды алдын алуу департаментинин маалыматы боюнча, акыркы аптада өлкөдө гепатит оорусунун деңгээли 30,5 пайызга жогорулаган, республика боюнча 1400дөн ашык адамдын ооруга чалдыкканы катталган.

Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айтымында, ал ооруканада гепатит А менен ооруган 186 оорулуу жатат, алардын 80и 14 жашка чейинки жаш балдар.

«Эмдөөчү дарылар бар, аны менен Кыргызстанда жекече колдонушат. Көбүнчө чет өлкөлөргө чыгып бара жаткан адамдар колдонот», — дейт Алиев.

Гепатит А – бул курч мүнөздөгү боордун жугуштуу оорусу. Тамак же суу аркылуу жугат.

Автор:Виктория Васильева

Редактор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Мария Гребнева