Кыргызстан тосмолонгон Орус сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат

«Луркоморье» онлайн-энциклопедиясы Орусияда тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизилген алгачкы ири интернет-долбоор болду. Веб-сайттын тосмолонушу Кыргызстанга да өз таасирин тийгизүүдө - кыргыз интернет таркатуучуларынын бардыгы трафикти Орусиядан алат.

Онлайн-энциклопедиянын Орусиянын аймагында тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизилиши 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү «Луркоморье» расмий твиттер-эккаунту аркылуу белгилүү болду.

Кыскасы, биз Орусия федерациясынын баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын даттануусу менен 85.17.124.180 айписи аркылуу тосмолондук, деп жазылган сайттын твиттердеги эккаунтунда.

Бул маалымат Орусияда тыюу салынган домендер жана тармактык даректердин расмий сайтында да ырасталууда.

Сайттын маалымат базасынан белгилүү болгондой, тыюу салынган сайттардын тизмесине энциклопедиянын тармактык даректеринин бири - 85.17.124.180 гана киргизилген.

Тизменин сайтында жазылгандай, аталган тармактык дарекке тыюу салуу жөнүндөгү чечим 4-ноябрда негиздеме жөнөткөн Орусия федерациясынын баңгизатты көзөмөлдөө кызматы тарабынан кабыл алынган.

«Луркоморье» тосмолоодон качууга аракет кылып, тармактык даректерин өзгөртүп жатат. Белгилүү орус блоггери Антон Носик бул окуяны ресурс менен бийликтин ортосундагы «жарыш» катары сүрөттөп жиберүүгө жетишкен.

Азырынча «Луркоморье» администрациясы бийлик тарабынан сайттын тосмолонгондугунун себебин билбейт, бирок интернет-энциклопедиянын эмне себептен тыюу салынган сайттардын тизмесине кирип калгандыгын «билүүгө аракет кылат».

Акыркысы: жок, биз тосмолоонун себептерин билбейбиз. Бирок албетте билүүгө аракет кылабыз, деп жазган «Луркоморье» твиттердеги эккаунтуна.

Сайттын тосмолонушун Орусия федерациясынын баңгизатын көзөмөлдөө кызматы менен Орусия бийлиги эч кандай деп комментарийлеген жок.

Орусия бийлиги жөнүндөгү тамашалар басылып чыгып турган «Луркоморье» тосмолонушу Кыргызстандагы интернет колдонуучуларга да таасирин тийгизе баштады.

Kloop.kgнин редакциясы тарабынан 12-ноябрда жүргүзүлгөн текшерүүлөр экциклопедия өлкөдө мезгил-мезгили менен жеткиликтүү болуп жаткандыгын көрсөттү.

Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган «Элкат», «Кыргызтелеком», «Сайма Телеком» жана «Хоумлайн» интернет таркатуучуларынын колдоо кызматынын өкүлдөрү Орусияда тыюу салынган тармактык дарек алардын өзүндө жана колдонуучуларында да жооп бербей жаткандыгын ырасташты.

«Менин оюмча, эми ал сайт Кыргызстанда иштебейт», — деди «Сайма Телекомдун» колдоо кызматынын кызматкери.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Мегалайн» таркатуучусунун колдонуучуларында сайтка кирүүдө эч кандай көйгөй жок.

Сайтка кирүүдө «Кыргызтелекомдун», «Сайма Телекомдун» жана «Акнеттин» колдонуучуларында көйгөйлөр пайда болгондугу катталды.

Кыргызстан эч нерсе кыла албайт

2012-жылдын январында «Гугл» корпорациясынын кызматкери Тилек Мамутов тарабынан чогултулган маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын бардык интернет таркатуучулары трафикти орусиялык байланыш операторлорунан түздөн-түз же Казакстан аркылуу алат.

Ноябрдын башында өлкөдөгү ири байланыш оператору болгон «Кыргызтелекомдун» өкүлү эгер орус интернет таркатуучулары веб-сайттарды тосмолоп баштаса ага каршы кыргыз кесиптештери эч нерсе кыла албай тургандыктарын Kloop.kgнин журналисттерине билдирген.

«Биз ага каршы эч нерсе кыла албайбыз», — деген «Кыргызтелекомдун» коммерциялык директору Акыл Токолбаев.

Ал трафиктерди «Казактелеком» аркылуу Орусиянын төрт интернет таркатуучусунан алган «Кыргызтелеком» «чараларды көрүүгө» аракет кылат деген, бирок эмне болгон чаралар экендигин тактап айткан эмес.

Саясий мүнөздөгү тамашалар

«Луркоморье» «Википедия» эркин энциклопедиясынын принциби боюнча курулган жана ошол эле программалык камсыздардырууну колдонот — каалаган адам макалаларды кошуп, өзгөртө алат.

Өзгөчөлүгү - «Луркоморье» популярдуу интернет-кубулуштарды интернет-жаргондорду кеңири колдонуу менен айтып берет.

Алардын арасында Орусиядагы саясий кубулуштар же саясатчылар жөнүндөгү макалалар да бар.

Лексика жагынан чектөөлөрү жок болгону менен энциклопедия фактыларды бурмалоого уруксат бербейт.

Бул башка өлкөнүн аймагында тосмолонгон сайттардын Кыргызстанга таасирин тийгизип жаткан биринчи учур эмес — 2008-жылы Казакстан «Живой журнал» блогдук платформасы сыяктуу бир нече сайтка тыюу салган - ал сайттар төрт жылдан бери трафикти Казакстан аркылуу алган кыргыз интернет таркатуучуларынын колдонуучуларында да ачылбайт.

Орус бийлиги сайттарды «Балдардын ден соолугуна же өсүүсүнө зыян алып келе турган маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга таянып тосмолоп жатат.

Ошол эле маалда расмий Москва бул мыйзамдын зарылдыгын порнография жана «ошол сыяктуу нерселерге» каршы күрөшүү аракеттери менен түшүндүрүп жатат. Сынчылар болсо тыюу салуудан цензураны көрүп жатышат.

Июлда, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып жатканда «Википедиянын» орус версиясы ага нааразычылыгын билдирип өз ишин убактылуу токтоткон.

Авторлор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев