Кыргызстандыктар Казакстандагы «сексуалдык кулчулуктан» кийин үйлөрүнө кайтып келет

Алматыда сексуалдык кулчулукка кабылган эки кыргызстандык кыз тергөө иштери аятагандан кийин мекенине кайтып келет, деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Азырынча кыздардын Кыргызстанга качан, кайсы күнү келээри так белгисиз, бардыгы тергөө иштеринин жүрүшүнө байланыштуу болот, деди Кыргызстандын Ташкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков.

«Азырынча биздин мекендештер Алматы шаарында, алар тергөө иштерине көмөктөшүп жатышат. Андан кийин Алматы шаарындагы биздин башкы консулдук аларга паспорт жасап, үйлөрүнө жөнөтүп консулдук жардам берүүгө даяр», — деди Кадырбеков.

Жабырланган кыздардын биринин апасы Kloop.kgнин кабарчыларына кызы келгенге чейин комментарий берүүдөн баш тартты.

31-октябрда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Казакстандын укук коргоо органдары менен бирге шаардагы мейманканалардын биринде күч менен кармалып турган кыргызстандык кыздарды табышкан.

Мекеменин маалыматы боюнча, аларды акча үчүн жыныстык катнашка барууга мажбурлап келишкен. Кыздардын бири жашы жете элек 15 жаштагы өспүрүм.

Адамдар менен соода кылуу, кулчулук жана сексуалдык эксплуатация фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулдугу тергөө аяктаганга чейин маалымат берүүдөн баш тартты.

Kloop.kgнин редакциясы укук бузуулар болуп келген делинген мейманкана тууралуу маалыматтарды таба алган жок.

Автор: Дарина Манасбекова

Редактор: Александра Ли