LIVE: 7-апрель окуялары боюнча өтүп жаткан сот отурумундагы айтышуулар

2010-жылдагы апрель окуялары боюнча өтүп жаткан сот отурумунда жабырлануучу тарап менен айыпталып жаткан тарап ортосунда айтышуу болуп жатат. 7-апрель иши боюнча 28 киши шектүү катары өтүп жатат, Курманбек Бакиев жана анын эки уулун кошкондо алардын 8и Кыргызстандан чыгып кетишкен.

12:31 12 Ноя 2012 Соттон кийин жактоочу Аширов жактоочу тараптын негизги максаты - ишти кошумча тергөөгө жөнөтүү экендигин Kloop.kgнин кабарчысына билдирди. Айтымында, тергөө иштери эң көп дегенде 50 пайызга гана аткарылган.

12:18 12 Ноя 2012 Аскер кызматкерлери залды курчап алышты. Залдан сот жообуна тартылып жаткандар менен жабырлануучуларды башка эшиктер аркылуу чыгарып жатышат.

12:17 12 Ноя 2012 Судья: Мындай болгондон кийин эртеңки саат 9га чейин тыныгуу жарыяланат.

12:11 12 Ноя 2012 Судья: Соттун коллегиясы кеңешип, жактоочу Ашировдун өтүнүчүн канааттандыруу чечимин кабыл алды. Отурум 14-ноябрга, саат 9га жылдырылды.

12:10 12 Ноя 2012 Жактоочу Ташбалтаев: Мен мага кол салган жабырлануучулардын ким экендиктерин аныктап, аларга сотто өзүн кантип алып жүрүү керектигин түшүндүрүшүн соттон талап кылам. Процесс ар дайым тараптардын өзүн кантип алып жүрүүнү билбегендигинен үзгүлтүккө учурап жатат.

12:08 12 Ноя 2012 Айыпталуучу тараптын өкүлү: Сот тартипти камсыз кыла алган жок. Мен судьялардын коллегиясынын бардыгына ишенбөөчүлүк көрсөтө тургандыгымды билдирем.

12:06 12 Ноя 2012 Аширов: Соттук териштирүүлөрдү жылдырууну суранам, анткени менин кан басымым жогорулап кетти. Ден соолугумдун абалына байланыштуу мен отурумга катыша албайм.

12:05 12 Ноя 2012 Жактоочу Аширов иштин материалдарын кошумча тергөө үчүн берүүнү суранып жатат. Аширов ал жерде боштуктар калып калган деп эсептейт.

12:02 12 Ноя 2012 Жабырлануучулар сот жообуна тартылып жаткандардын жактоочусу Абдыкерим Ашировго кыйкырып жатышат. Сот өтүп жаткан залдан дагы бир нерсе адамды чыгарып салышты.

11:59 12 Ноя 2012 Аскер кызматкерлеринин айтымдарында, залда коопсуздукту камсыз кылып турган 50дөй киши бар.

11:58 12 Ноя 2012 Жабырлануучу тараптан бир аял айыпталып жаткандар менен алардын жактоочуларына карата кайрадан опузалап кыйкырып баштады. Ички аскер бөлүгүнүн кызматкерлери аларды бөлүштүрүп жатат.

11:46 12 Ноя 2012 Жабырлануучу тарап коргоонун жактоочуларын күнөөлөп кыйкыргандарын улантууда.

11:45 12 Ноя 2012 Документтерди текшергенден кийин судья журналисттерге отурумду аидеокамерага тартууга уруксат берди.

11:42 12 Ноя 2012 Жабырлануучу жана айыпталуучу тараптын ортосундагы айтышуу уланып жатат. Залдан чыгарып салган аял кайра кирүүгө аракет кылып жатат.

11:38 12 Ноя 2012 Ташбалтаев болжолдуу түрдө жараат алган.

11:35 12 Ноя 2012 Айыпталуучу тарап өз коопсуздуктарынан тынчсызданып аларга коргоо менен камсыз кылуу керектигин билдиришүүдө.

11:32 12 Ноя 2012 Айыпталуучу тарап аларды тартпоосун талап кылып телеканалдардын операторлору менен урушуп жатат.

Жабырлануучу тарап: «Эгер силер мыйзам боюнча иштесеңер эмнеден коркуп атасыңар?»

12:31 7-апрель окуялары боюнча сот жообуна тартылгандарды суракка алуу 2012-жылдын 15-октябрда башталган.

10:43 Жаныл Иманкулова: 2010-жылдагы окуядан бери 2,5 жыл өттү, биз болсо дагы деле балдарыбызды ким өлтүргөнүн билбейбиз — ал Бакиевби же Атамбаевби? Сот болгон жок да.

11:12 Жаныбек Сагыналиев: Байкоочу катары апрель окуялары боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына биздин киргибиз келет. Биз муну менен маселени чечүү процессинин тездетилишине ишенебиз.

11:06 Уран Бекботаев: Биз аскер сотунан апрель окуялары жана талап-тоноочулук боюнча иштердин аякташын тездетүүнү талап кылып жатабыз.

10:54 Жаныбек Сагыналиев: Кээ бир саясий күчтөр бул кырдаалды колдонуп 7-апрелдин тарыхын өзүнүн кызыкчылыгында кайрадан жазууга аракет кылып жатышат.

Алар «Ата-Мекендин» 4 депутатын Бакиевдердин мүлкүн уурдаган деп күнөөлөп маек берген тергөө абагында камакта жаткан адамдын айткандарын көчүрүп, көбөйтүп жатышат.

10:50 Азис Курамаев: Биз бул саясий боюндарды көзөмөлдөй албайбыз. Эгер алар бул ишти чече албаса бизге беришсин, биз күнөөлүүлөрдү өзүбүз эле таап, жазалайыз.

10:48 Азис Курамаев: «Ала-Тоо» аянтында 89 кишини өлтүрүүгө күнөөлүү адамдарды жазалап, сотту жыйынтыктоонун ордуна кимдир бирөө элдин көңүлүн Бакиевдердин мүлкүн уурдоого буруп, алардын башын айлантып жатат.

Автор: Хлоя Гейне