«Ата-Журттун» лидерлерин бошотуу талабы менен өтүп жаткан митинг

Парламент имаратынын алдына жүздөн ашык киши митингке чыгып «Кумтөр Оперэйтинг Компани» алтын кенин улутташтырууну талап кылып жатышат. Алардын айтымдарында, митинг катышуучулары буга чейинки митингте камакка алынган «Ата-Журттун» лидерлерин бошотконго чейин аянтта болушат.
15:07 12 Ноя 2012 Ак үйдүн алдында «Ата-Журттун» лидерлерин бошотууну талап кылып жаткан митинг катышуучулары тарап кетишти.

13:25 12 Ноя 2012 Митинг катышуучулары намаз окуп башташты.

13:17 12 Ноя 2012 Нурлан Мотуев эгер митинг катышуучуларынын талаптары аткарылбаса алар аянтка жаштарды алып келе тургандыктарын билдирди.

«Азырынча Ак үйдүн алдында акчакалдар гана жүрөт, бирок бизди президент жана парламент спикери менен жолуктуруудан баш тартышса анда биз жаштарды алып келебиз. А алардын каны жан, ысык, бул эмнеге алып келиши мүмкүн экендигин өзүңөр билесиңер»

12:49 12 Ноя 2012 Эл алдында сөз сүйлөп жатып Мотуев Кыргызстандын бийлигинен учурдагы конституцияны жоюп, парламентти таркатып жана бардык чет элдик инвесторлорду «кубалап чыгууну» талап кылды.

12:30 12 Ноя 2012 Митингке бардык аймактан аксакалдар келген, алардын ар бири депутаттарды колдоп сөз сүйлөштү.

12:19 12 Ноя 2012 Митингден сүрөт:

12:10 12 Ноя 2012 Нааразычылык акциясынын катышуучулары митингчилердин алдына парламент депутаттарынын, президент Алмазбек Атамбаевдин жана премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин чыгуусун талап кылып жатышат.

11:51 12 Ноя 2012 Митинг катышуучулары «Ташиевге эркиндик» деп кыйкырып жатышат. Мотуев акция катышуучуларын бийликтегилер эл алдына чыкканга чейин кыйкырыктарды улантууга үндөдү.

11:37 12 Ноя 2012 Митинг катышуучуларынын алдында Кыргызстандын чыныгы мусулмандар жамаатынын төрагасы Нурлан Мотуев сөз сүйлөдү. Ал депутаттардын акция катышуучуларынын алдына чыгышын талап кылды.

11:15 12 Ноя 2012 Ошондой эле нааразычылык акциясынын катышуучулары «Кумтөр» алтын кенин улутташтырууну талап кылып жатышат. Алар нааразычылык акциясы «Ата-Журт» партиясынын лидерлери — Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор бошотулганга чейин улана тургандыгын билдирип, кыйкырып жатышат.

11:10 12 Ноя 2012 Парламент имаратынын жанындагы миттингке 100дөн ашык киши чогулду. Алар октябрдын башында «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө кармалган «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин бошотууну талап кылып жатышат.

17:44 Бишкек-Ош унаа жолун тосуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунда митингке чыккандарга карата кылмыш иши колголду.

Жалал-Абад облустук ИИБси: Бишкек-Ош унаа жолун 10 саатка тосуу фактысы боюнча«өзүм билемдик» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

12:01 Митинг сторонников партии «Ата-Журт» партиясынын жана «бийликти күч колдонуп басып алуу» аракеттери үчүн УКМКнын тергөө абагына камалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун тарапташтарынын митинги 2012-жылдын 8-октябрында өткөн.

Жалал-Абад обладминистрациясынын башчысынын орун басары Кадырбек Жакыпов: Митингке 800дөй киши катышып жатат. Алар камакка алынган депутаттардын баш коргоо чараларын өзгөртүп, Кумтөрдү улутташтырууну талап кылып жатышат.

14:14 УКМКнын имаратынын жанында «Ата-Журт» партиясынын тарапташтарынын митинги башталды.

Азыр УКМКнын имаратынын жанында болжол менен 50-60тай киши жүрөт.

Автор: Бермет Момункулова