Ош облусу: сууктан улам чатырларда окуган миңдеген балдар кайрадан «жараксыз» мектептерде билим алышууда

Облустун сегиз мектеби «жараксыз абалда» калган. Ал эми Ош облустук администрациясынын билим берүү башкармалыгы жаңы мектептердин качан курулуп бүтөөрү белгисиз дейт. Учурда окуучулар имараттын жарактуу тарабында же ижарага алынган үйлөрдө окушууда.

Кара-Суу, Ноокат, Чоң-Алай районунун айылдарында мектептер эскилигине жеткендигинен жабыр тартып, 900 окуучу январдан баштап чатырларда жана жеке менчик үйлөрдө билим алууга аргасыз болушкан.

Аба ырайынын кескин суук болуп кетишинен улам Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын чатырларда окуп жаткан Турусбеков атындагы мектебинин окуучулары кайрадан имараттын «жарактуу» жагына көчкөнүнө 10 күн болуп калды.

Мектептин директору Каримжан Абдуллаев kloop.kgге берген маегинде окуучулар тогуз ай чатырда окугандыгын кабарлады.

«Азыр эми мектептин ичинде окуп жатабыз. Жарымы жарактуу жарымы жараксыз да, жарактуу жагында окуп жатабыз. Жаңы мектеп каражат жоктугунан токтоп калды»,—дейт Абдуллаев.

Мектепте жараксыз абалга чейин 600 окуучу болсо, азыр 510 калды деп кошумчалады директор.

Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчасы Жумадилла Жапаровдун айтуусунда, мектептин дубалында январда жаракка кетип, ошондон бери окуучулардын бир бөлүгү айыл өкмөттөн ижарага алынган үйдө окуушуда.

«Жарымын ошол мектептин абалы жакшы тарабында, калганын жеке менчик үйгө окутуп жатабыз. Былтыры палаткаларда бир ай гана окушкан. 1-класстан 4-класска чейин [жеке менчик үйдө окуп жаткандар]»,—деп айтты Жапаров.

Ош облусунун билим беруу башкармалыгынын бөлүм башчысы Мархоба Зулпукарова мектептердин курулуу иштери качан улантылаары, каражат маселеси чечилбегендиктен азырынча анык эмес деп билдирди.

«Азыркы учурда мектептин кээ бирлеринде жарактуу класстар бар экен. Ошолордо окуп жатышат. Айрымдары үйлөрдү ижарага алып, ошол үйлөрдө окуп жатышат. Бирок чатырда окуган эч ким жок»,—деди Зулпукарова.

Имараттардын тарлыгынан кээ бир мектептерде үч нөөмөт менен окугандар да бар экенин Зулпукаров кошумчалады.

Бул мектептер эскилиги жетекендигинен жана табигый кырсыктардан улам өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын текшерүүсү менен жараксыз деп табылган.


Редактор: Айзат Шакиева