«Ата-Журт» талапкерлеринин «мыйзамсыз» кармалгандыгын айтып, даттанып жатат

Оппозициялык «Ата-Журт» партиясы милиция алардын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюп жаткан эки мүчөсүн негизсиз кармап кеткендиктерин айтып даттанууда.

13:41 Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы талапкердин кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты: Аларды эч ким кармаган жок, эгер алар жоголуп кетишсе аны дароо эле милиция менен байланыштырбай үн күчөткүч менен кыйкырышсын.

12:28 Азырынча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

12:20 Кожоев: Мындай чагымчылдыктын эмне кереги бар? Муну ким жасап атканын билбейм, атаандаш партияларбы же дагы башка бирөөбү, бирок биз баары бир талапкерлигибизди коебуз.

12:16 Шабданова: Биз Бишкек ШИИБсинин «старшийларын» күттүк, бирок аягына чейин күтпөй өз алдынча кетип калдык.

11:29 «Ата-Журт» партиясынын юридикалык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нуриля Шабданова: Биздин талапкерди куралдары бар, жарандык кийимчен сегиз киши кармап кеткен. «Старший келип — түшүндүрүп берет» деп айтышып, эч нерсени түшүндүрүшкөн эмес.

11:20 Кожоев: Алар юрист келгенде гана «бир аз сылыгыраак» болуп калышты.

11:14 Кожоев: Мен сурадым, мен киммин — күбөмүнбү, айыпталуучумунбу же шектүүмүнбү деп. Алар эч нерсе деп жооп беришкен жок, жөн гана мени коридордон эч жакка чыгарбай кармап турушту.

11:09 Кожоев: Мен депутаттыкка талапкер экендигимди айтып, түшүндүрүүгө аракет кылдым, бирок алар учурда ЖКнын депутаттары деле камакта жаткандыктарын айтышты.

11:07 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыразак Кожоев: Мени кечээ митингтен кийин, саат 11лерде Ала-Тоо кинотеатрынын жанынан өздөрүн тааныштырбастан кармап кетишти.

11:06 «Ата-Журт» партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов: Биз алдыдагы шайлоолордун мыйзам бузууларсыз өтүшү үчүн бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Бирок, ал аракеттерибизге карабастан биздин талапкерлерди укук коргоо органдары кармап кетишти. Алы милиция бөлүмүнө алып барып, эч нерсе түшүндүрбөстөн 3-4 саат кармашкан.

Автор: Бермет Момункулова

Редактор: Александра Ли