Кыргызстан «Центерра Голд Инктеги» акциясынын камакка алынышынан улам 8 миллион доллар жоготту

2012-жылы Кыргызстандын өкмөтү канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясындагы акцияларынын үлүштүк кирешесинен 8 миллион доллар жоготту. Буга чейин эл аралык сот Кыргызстандын аталган компаниядагы 4 миллион даана акциясын камакка алуу чечимин чыгарган.

2012-жылдын октябрында Онтарионун (Канада) Жогорку соту компаниядагы Кыргызстандын 4 миллион даана акциясын камакка алган. Ал камакка алуу компаниядагы Кыргызстанга тиешелүү болгон үлүштүк кирешелердин кыскаруусуна алып келген - Кыргызстан «Центерра Голд Инктин» акцияларынын 30 пайызына ээлик кылат.

«Центеррадагы» Кыргызстандын 4 миллион акциясынын камакка алынышына байланыштуу быйыл өлкө бюджети андагы үлүштүк кирешесин 8 миллион доллардан ашык суммага кем алды, — деп билдирди каржы министри Ольга Лаврова, 13-ноябрда өткөн парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында.

Кыргыз өкмөтү «Центерра Голд Инктин» акцияларынын 30 пайызына ээлик кылат. Кыргызстан андан 2011-жылы 31 миллион доллар үлүштүк киреше алган, ал эми 2012-жылы 40 миллион доллар алууну пландап жаткан.

«Центерра Голд Инк» компаниясы Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖАКсына таандык.

Кыргызстандын бюджети «Центерра Голд Инктеги» акциясынын үлүштүк кирешесинен сырткары «Кумтөр» кенинин иштетилишинен да салык алып турат. 2011-жылы кенде 18 тонна алтын казылып алынган, анда бюджетке которулган каражат 8 миллиард сомдон ашкан.

2012-жылы 12,7 тонна алтын өндүрүү пландалып жатат, алардын үч тоннадан ашыгы үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларынын аралыгында өндүрүлгөн.

Жакында эле кенде алтындын жаңы запасы табылган.  Аларды 2026-жылга чейин иштетүү Кыргызстанга 1,5 миллиард долларлык салык алып келиши мүмкүн.

Мейманкананын ордуна «Центерра Голд Инктеги» акциялар

Кыргызстандын «Центерра Голд Инктеги» акцияларынын камакка алынышына кыргыз өкмөтү менен түркиялык «Систем Мухендислик» (Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S)компаниясынын ортосундагы соттук териштирүүлөр себеп болгон.

Аталган түрк компаниясы 2006-жылдан бери «Пинара Бишкек» мейманканасынын наркын компенсация кылууну талап кылып, эл аралык деңгээлде соттошуп келет. Түрк компаниясынын версиясы боюнча, объект 2005-жылы «рейдерлик жол менен басылып алынган».

Бул талаш-тартыш Канада сотунда каралган, ал 2009-жылы Кыргызстандын бийлигин түрк компаниясы талап кылып жаткан 33 миллион доллардын 8,5 миллионун төлөп берүүгө милдеттендирген.

2011-жылдан баштап Түрк компаниясы мейманкананын наркын Кыргызстандын «Центерра Голд Инктеги» акцияларынын эсебинен алууга аракет кылып баштаган. Онтарио соту үстүбүздөгү жылдын октябрында түрк компаниясынын өтүнүчүн канааттандырып, кыргыз акцияларынын төрт миллион даанасын камакка алуу чечимин чыгарган.

Бюджет таңкыстыгы

Кыргызстан бюджетинин дээрлик 22 миллиарддык таңкыстыгы менен бирге үлүштүк кирешелеринин 8 миллион долларын жоготту. Күз айларынын башында бюджет таңкыстыгы 25 миллиардка жетмек, бирок өкмөт чыгымдарды 3 миллиард сомго кыскарткан.

Буга чейин Кыргызстан чет элдик донорлордон 40 миллион долларлык грантты да албай калды деген маалыматтар тараган. Ал каражаттар үстүбүздөгү жылы мамлекеттик казынанын таңкыстыгын жабууга сарпталышы керек болчу.

Автор: Аскар Акталов