Ош-Бишкек унаа жолуна суук түшкөндөн бери үч адам каза болду

Аба ырайынын кескин суук болуп кетишинен жана жааган кардан улам 10-ноябрда Бишкек-Ош авто унаа жолундагы жол кырысыгында үч адам каза болду. Айдоочулар мунун себеби жолдун кышкыга даяр эместиги менен байланыштырышат.

Бишкек-Ош унаа жолунда «Хонда» жана «Мерседес» автоунаалары кагышып, натыйжада Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарынын тургуну каза болгон деп маалымдайт ӨКМдин веб-сайты.

Экичи жол кырсыгы Ала-Бел ашуусунда «Хонда-Аккорд» автоунаанын айдоочусу машинасын башкара албай жардан түшүп кеткен. Айдоочу жана жүргүнчү аял каза болуп, экинчи жүргүнчү жаракат алган.

Айдоочу Базар-Коргон районунун тургуну экендиги жана аты-жөнү такталды. Ал эми каза болгон жүргүнчү аялдын сөөгү Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, өздүгү такталууда.

Жабыр тарткан Мелис Нажазбаев ошол эле райондук ооруканага жаткырылган.

«Кышка даяр эмес»

Ош-Бишкек каттамында жүргүнчүлөрдү ташыган Урматбек Калчабаев жолдо муздан улам кырсыкка учурагандарга күбө болгонун айтты.

«Абалы өтө начар. Кар азырынча жука эле. Жолго кум себилген эмес, тайгак. Төө-Ашуудан түшкөндөн баштап бери Сосновкага чейин өтө коркунучтуу, кум себилген эмес [...]. Жолдон бир авария көрдүм. Албетте тайгактан болгон»,—деди айдоочу.

Ал эми айдоочу Мамыт Сулайманкулов жолдо жол көзөмөлдөө кызматкерлери болгону менен жолдорго туз себилбей, муз болуп калганын билдирди.

«Пробкаларда ГАИлер туруп иштеп жатышат. Жол кырсыгы көп болуп жатат өзү. Бирок жолду тазалабай жатышат. Жакшы туз себишпейт. Кечээ Ала-Белде кар сүрүлбөй эле калды. Машина кадимкидей секирип, секирип өтүп жатат.Келе жатканымда дагы кар жаап жаткан мен тегеле техниканы көргөнүм жок»,—дейт Мамыт.

Ал эми жол чарба департаменти айдоочулардын сөзүн четке кагып, ашуулар күнү-түнү көзөмөлдөөдө экенин маалымдады.

«Айдоочулар өмүр бою айтып келишкен айта беришет. Албетте биз иш чараларды көрүп жатабыз [...]. Азыр жолдордун баары тазаланган
жакшына. Төө-Ашуда туз аралашкан кум себилген. Күнү-түнү айрыкча ошол ашуулар көзөмөлдө»,—деди атын атоону каалабаган кызматкери.