Ош: Милиция чиновниги беш миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Атайын кызматтагылар пара алып жаткан жеринен ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү боюнча Түштүк башкармалыгынын полковнигин колго түшүрүштү. Учурда кармалган адам Ош шаарындагы тергөө абагында камакта. Анын жактоочусу комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам тобу Баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү боюнча Түштүк башкармалыгынын башчысы, полковник Кудайбердиевди колго түшүрүштү, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтагылардын версиясы боюнча, чиновник беш миң АКШ долларын пара катары алып жаткан жеринен кармалган.

Ал Ош шаарынын тургунуна ага каршы баңгизатын мыйзамсыз сатууга байланышкан кылмыш ишин жасай тургандыгын айтып коркутуп, 15 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү «параны талап кылган», деп билдирет басма сөз кызматы.

Башкы прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда кармалган милициянын чиновниги Ош шаарынын тергөө абагында камакта.

Баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын жактоочусу комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов өз мекемесинин кызматкеринин кармалышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли