Сулайман-Тоонун тескейиндеги көчөгө 10 күндөн бери электр жарыгы бериле элек

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Алишер Навои көчөсүндө электр эсептегичтер белгисиз себептерден 4-ноябрда күйүп кетип, 70 үй жарыксыз жашап келишет. Алар «Ошэлектронун» оңдоо иштери дайыны жок деп даттанышууда. «Ошэлектро» жарык качан берилээрин тактаган жок.

«Ошэлектронун» жетекчисинин орун басары Нурлан Сыдыковдун kloop.kgге берген билдирүүсүндө, абоненттердин бири өз кызыкчылыгы үчүн бир убакытта эки трансформатордон электроэнергиясын улап алган — бул күйүп кеткен эсептегикичтердин себеби болушу мүмкүн.

«Тапшырма бергенмин, балдар иштеп жатышат. Изилдеп жатышат, каерде эмне болгонун текшерип, ал жөнөкөй иш эмес да. Бир бригада иштеп жатат. Бир бригадада он адам иштейт», — дейт Сыдыков.

Сыдыков жарыктын калыбына качан келтирилээри боюнча так маалымат берген жок.

Жашоочуулардын айтусуунда, «Ошэлектро» кечээ жарык берилет деп убада берген.

Ушул көчөнүн азык-түлүк дүкөнүнүн ээси Саида Абдуразакова электроэнергия жоктугунан, бардык азык-түлүктөр бузулуп кетти деп даттанууда.

«Дагы деле жыйынтык жок. Менин дүкөнүмдө муздаткыч өчүк болгондуктан, тамак-аштар айнып калды. Отун жок жакканга, биздин тиричилигибиз свет болчу. Ошол үчүн тезирээк коюп берсе жакшы болмок»,— дейт сатуучу.

Ушул эле көчөнүн тургуну Хапиза Макпусова от жагып тамак-ашын даярдаганын, бирок отун да жетишпегенин айтты.

«Дүйшөмбүдөн келип коюп беребиз дешкен. Бирок баары эми билинет. Азыркы учурда свет жок […]. Эми бир айла таап, оңдоп берсе жакшы болмок. Бүгүн келиш керек эле, бирок келе элек», — деди Макпусова.

Алишер Навои көчөсүндө 12 электр эсептегичи менен трансформатор күйүп кеткен. Натыйжада айрым жашоочулардын техникалары жарактан чыккан.