Укук коргоочулар: Жалал-Абад убактылуу кармоочу жайларындагы видеокамералар туура эмес жерлерге орнотулган

Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайларга видео көзөмөлдөө камералары камактагылар жашаган жана дааратканага бара турган жерлерге орнотулган, бул алардын укуктарын бузуп жатат, деп жергиликтүү укук коргоочулар нааразы болушууда. Алардын айтымдарында, ошол эле маалда суракка ала турган бөлмөлөрдө камералар жок.

Жалал-Абад облустук «Справедливость» укук коргоочу уюму убактылуу кармоочу жайлардагы видео көзөмөл камераларынын эффективсиз колдонулуп жаткандыгын аныктап чыккан.

Уюмдун башчысы Валентина Гриценконун айтымында, кээ бир камералар кереги жок жерлерге орнотулуп, керек болгон жерлерге орнотулбай калган.

«Камералар биринчи кезекте убактылуу кармоочу жайлардын коридорлоруна, ИИБлердин тергөөчүүлөрүнүн иш бөлмөлөрүнө орнотулушу керек, анткени дал ошол жерлерде камакка алынгандардын кыйноого алынышынын тобокелдиги көп», — деп билдирди Гриценко.

Укук коргоочулар видеокамералар коридорлорго эмес камактагылар жата турган бөлмөлөргө орнотулган Ноокен жана Базар-Коргон районунун убактылуу кармоочу жайларын мисал келтиришти. Айтымдарында, камералардын ал жерде жайгашуусу камактагылардын укуктарын бузат.

«Алар ал жерде дааратканага да барышат, анан анын бардыгы камерага жазылып жатпайбы», — деп нааразы болду укук коргоочу.

Ал убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери видеокамераларды камактагылар менен иштей турган иш бөлмөлөрүнө орнотуудан баш тартып жаткандыктарын айтты.

«Эгер видеокамералар камактагылардын укуктарын бузуп, аларды кыйноолордон сактоо милдетин начар аткарып жатса камералардын керек-кереги жоктугун билбей да калдым» — деди ал.

Облус прокурорунун орун басары Нурлан Конкошев убактылуу кармоочу жайларда видеокамералар болушу керек деп эсептейт. Буга чейин видеокамералар облустук прокуратуранын демилгеси менен облустагы 12 убактылуу кармоочу жайдын 8ине орнотулган.

«Албетте, мен убактылуу кармоочу жайларга видеокамераларды орнотуу керек деп эсептейм, — деди Нурлан Конкошев. Бирок ал укук коргоочулардын билдирүүлөрү боюнча андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

Облустук прокуратуранын алдындагы Жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча кеңештин төрагасы Асылбек Кочкорбаев да видеокамераларды орнотуу зарыл деп эсептейт.

«Биздин кеңештин жыйынында убактылуу кармоочу жайларга видоекамералардын керектиги жөнүндө пикирлер айтылган. Алардын орнотулушу менен камактагылардын кыйноого алуу боюнча даттануулары азайган», — деди Кочкорбаев.

Автор: Евгений Погребняк