ИИМ: Айтбекованын уурдалышы боюнча тергөө иши бир айдан кийин аяктайт

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы теле алып баруучу жана «Аалам сырлары» долбоорунун автору Назира Айтбекованы уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө болжол менен бир-эки айдын аралыгында аяктай тургандыгын билдирди.

Болжол менен тергөө иштери бир-эки айдын аралыгында аяктайт, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери.

Бул иш боюнча шектүү катары «Супер-инфо» гезитинин мурунку эки журналисти менен үч-төрт спортчу-актер өтүп жатат, деп кошумчалады аты-жөнүн билдиргиси келбеген милиция кызматкери.

Ал тергөөнүн сыры деп, актерлордун аты-жөнүн айтуудан баш тартты.

Учурда теле алып баруучуну уурдоо фактысы боюнча Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «бейбаштык» жана «адам уурдоо» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Белгисиз адамдар Айтбекованы 30-октябрда тапанча менен коркутуп, тамаша үчүн уурдап кетишкен.

«Алар мени киши жок жерге алып келишти. Өлтүрө тургандыктарын айтып, менин долбоорумда көзачыктар Санжар Кадыралиевдин [Жогорку Кеңештин депутатынын] өлүмү боюнча тинтип, бекер убараланып жатышат, криминалдын ишине бекер кийлигишип жатат дешти», – деген Айтбекова.

Теле алып баруучу аны Сапаргүл аттуу Орусияда мекендештеринен кордук көргөн кыздай кылып ич кийимине чейин чечинтип, камерага тартышкандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылууда – Сапаргүлдү үстүбүздөгү жылдын жаз айларында чет элдик жаран менен жыныстык катнашта болгондугу үчүн мекендештери «жазалап», жылаңач кылып зомбулук көрсөтүп, ал видеону интернетке жайгаштырышкан.

Айтбекованын айтымында, ага бир нече сааттан кийин көзүн ачууну буюрушканда ал «Супер-инфо» гезитинин кабарчылары Бахиана Сатылганованы, Адилет Бектуровду жана Максат Кудайбердиевдерди көргөн.

«Алар мени шылдыңдап, кордогондуктарынын бардыгын видео менен сүрөткө тартып алышкан, андан кийин мунун баары «Тамаша-тор» рубрикасы үчүн экендигин айтышты», – деген ал.

Айтбекованын жолдошу Шаршеев жубайын тамаша үчүн эмес, «коркутуп коюу» же «өлтүрүү» үчүн «уурдашкан» деп эсептейт.

Бул окуядан кийин Айтбекова медициналык жардам алып, ооруканага жаткырылган.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Александра Ли