ИИМ «Ата-Журттун» депутаттыкка талапкерлигин койгон мүчөсүнүн кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты

Оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыразак Кожоевди эч ким кармап кеткен эмес, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Талапкердин өзү болсо аны чын эле 12-ноябрда партия лидери Камчыбек Ташиевди колдоп өткөрүлгөн митингтен кийин милиция кызматкерлери кармап кеткендиктерин айтып, ишендирүүгө аракет кылууда.

Ички иштер министрлиги Кожоевдин кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты — мекеменин басма сөз кызматынын кызматкери талапкердин билдирүүсүнө тамашалап жооп берди.

«Эгер алар жоголуп кетишсе аны дароо эле милиция менен байланыштырбай үн күчөткүч менен кыйкырышсын», — деди өз атын жөнүн билдиргиси келбеген ИИМ кызматкери.

Талапкердин өзү болсо аны чын эле кармап кеткендиктерин айтууда, бул тууралуу ал 13-ноябрда журналисттерге билдирген. Кожоевдин айтымында, аны милиция бөлүмүнө алып барышып, эч нерсе түшүндүрбөстөн 3-4 саат кармап турушкан.

«Мени митингтен кийин, саат 11лерде “Россия”кинотеатрынын жанынан кармап кетишти. Алар өздөрүн да тааныштырган жок», — деди Кожоев.

Ал кошумчалагандай, милиция кызматкерлери анын болжолдуу кармалышынын себептерин айтуудан баш тартышкан.

«Мен сурадым, мен киммин — күбөмүнбү, айыпталуучумунбу же шектүүмүнбү деп. Алар эч нерсе деп жооп беришкен жок, жөн гана мени коридордон эч жакка чыгарбай кармап турушту», — деп билдирген «Ата-Журттун» талапкери маалымат каражаттарына.

12-ноябрда өткөн «Ата-Журт» оппозициялык партиясынын камакка алынган лидери Камчыбек Ташиевди колдогон митингке жүздөн ашык киши чогулган.

Алар октябрынын башында «Кумтөр» ишканасын улутташтыруу талабы менен өткөн митингтен кийин «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» делинип Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган Ташиевдин бошотулушун талап кылышты.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары ошондой эле учурдагы конституцияны толугу менен жокко чыгарып, парламентти таркатууну, чет элдик инвесторлордун бардыгын чыгарып жиберүүнү жана «Кумтөр» кенин мамлекетке өткөрүп алууну талап кылышкан.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Медер Бекмамбетов