Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Аскаров Кыргызстандын үстүнөн БУУга даттанды

Өмүр бою эркинен ажыратылып жазасын өтөп жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаров укуктары бузулгандыгына байланыштуу Кыргызстандын бийлигинин үстүнөн БУУнун адам укуктары боюнча комитетине даттануу арызын жөнөттү.

Укук коргоочу өз даттануусунда «мыйзамсыз» кармап, «кыйноого алгандыктарынын» майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп жазган.

«Кыргызстанда мыйзамдын улуктуулугунун жоктугунан мен Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып жатам. Бийликтегилер Конституцияны тоготпойт», – деп жазат «Журналисттерди коргоо боюнча комитет» Аскаровдун сөзүн.

Укук коргоочунун жактоочусу Нурбек Токтакунов Kloop.kgге берген маегинде Аскаров даттануу арызын бир нече пункт боюнча жазгандыгын айтты:

  • жеке кол тийбестикке болгон укуктарынын бузулушу
  • кылмыштык териштирүүлөрдүн акыйкаттуулугуна болгон укуктарынын бузулушу
  • кыйноолордон кол тийбестиги
  • өз пикирин эркин айтуу
  • дискриминацияга болгон тыюу.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети ал даттануу боюнча Кыргызстандан комментарий сурайт, андан кийин тараптардын бардык жүйөдалилдерин карап чыгып Аскаровдун укуктарынын бузулган-бузулбагандыгы боюнча чечим чыгарат. Эгер комитети укук коргоочунун даттануусун канааттандырса, ал Кыргызстанга Аскаровдун бузулган укуктарын калыбына келтирүү сунуштамасын жиберет, деп түшүндүрдү Токтакунов.

Кыргызстан Адам укуктары боюнча комитеттин чечимин аткарууга тийиш, деди жактоочу.

«Эгер Кыргызстан чечимди аткарбаса анда кандайдыр бир саясий же экономикалык санкциялардын практикасы бар», – деп билдирди Токтакунов.

Жактоочунун айтымында, санкциялардын бири Максим Бакиевди экстрадициялоонун мүмкүн эместиги болушу мүмкүн.

«Биз азыр Максим Бакиевди кайтарып алууну каалап жатабыз. Эгер кыйноолор колдонулган, акыйкаттуулук жок болгон Кыргызстандын Комитет чечимин аткарбаган мамлекеттик репутациясы бар болсо аны бизге өткөрүп беришпейт», – деди Токтакунов.

Ал сот өткөрүп берүү өтүнүчүн кароодо биринчи кезекте өлкөдөгү мыйзамдардын сакталышын жана кыйноолордун кол тийбестигин карай тургандыгын түшүндүрдү. Токтакунов белгилегендей, сот өлкөнүн БУУнун комитетинин сунуштамасын аткарбагандыгына негиздеп сурап жаткан адамды бербей коюшу мүмкүн.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов азырынча укук коргоочунун даттануусу жөнүндө эч нерсе билбей тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

Аскаровдун иши

Аскаров — укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшкөн Жалал-Абад облусунан чыккан этникалык өзбек — 2010-жылы алгач төмөнкү инстанциядагы сот тарабынан, андан кийин Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аны өлкөнүн түштүгүндөгү 2010-жылдын июнунда болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжал маалында «улуттар аралык араздашууну тутандырган» жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деп күнөөлөшкөн.

«Эл аралык амнистия» уюму баш болгон бир топ укук коргоочу уюмдар Аскаровду куугунтуктоону сынга алышкан – алар чечим милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылгандыгын, жана укук коргоочуга карата «кыйноолор колдонулуп», анын иши боюнча процесс олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун айтышкан.

2012-жылдын май айында Аскаровдун жактоочусу Евгения Крапивина жактоочу тарап дагы 10 жаңы күбөнүн көрсөтмөсүн нотариалдык жактан күбөлөндүрө алгандыгын билдирген.

Алардын бардыгы тең 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал маалында милиция кызматкери Сулайманов каза болгон Базар-Коргон айылындагы көпүрөдө укук коргоочу болбогондугун айтышкан.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли