Ош: Ноокатта кыргыз тилине өткөн сегиз мектептин өзбек мугалимдери кыргызча сабак өтүүдөн «кыйналушууда»

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы окуу жылынан баштап, сегиз өзбек мектеп мамлекеттик тилге өткөрүлдү. Өзбек тилдүү мугалимдерге сабакты кыргызча түшүндүрүүдө жана сабак учурунда сөздөрдү которо албай «кыйналышууда».

Өзбек тилиндеги китептердин жетишсиздиги, мамлекеттик кызматтарга орноштуруу учурунда кыргыз тилин билүү зарылчыгы — ушул себептерден улам мектептер мамлекеттик тилге өткөрүлгөн.

Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын орун басары Абдимитал Паязов kloop.kgге берген маегинде, өзбек тилдүү мугалимдерди кыргыз тилинде сабак өтүү боюнча усулдук тренингдер өтүп жаткандыгын маалымдады.

Тренингдерди Ош облустук билим берүүнү өнүктүрүү институнун мугалимдери өтүп жатат.

Институттун мугалимдеринин бири Айжамал Адиева өзбек тилдүү мугалимдер көпчүлүк учурда кыргызча сөздөрдү билбегендигин айтты.

«Кыргыз тилин өткөнүнө аз гана убакыт болгону үчүн бир аз көйгөйлөр бар. Тилден кыйналып жатышат. Мугалимдердин аракети жакшы, бирок теманы сүйлөп келе жатканда айрым сөздөрдү которо албай калып жатышат. Усулдук окуу учурунда кыргыз мугалимдери менен өзбек мугалимдери бирин бири түшүнбөй жатышты»,— дейт Адиева.

Ал эми Абдулло Кодрий атындагы толук эмес орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Шахноза Жороева, кыйынчылыктар мугалимдерде гана эмес, окуучулардын ата-энелери да үй тапшырмасын бергенде кыргызча түшүндүрө албай жатканын белгиледи.

«Окуучуларда кичине кыйынчылык бар. Ата-энелер тамганы үйүндө хариф деп («хариф» өзбек тилиндеги тамга) үйрөтүп коюшкан. Алар менен чогулуш өткөрүп, билбесеңиз «келиң сабактарга катышың» деп жүрүп, үйрөтүп жатабыз. Ата-энелер өтө кыйнашты, ырларды өзбекче үйрөтүп коюшуп жатты»,—деди Жороева.

Ушул эле мектептин мугалими Марибжан Абдиевдин пикиринде, кыргыз тилди ар бир жаран билүүсү зарыл, ошондуктан мектептерди мамлекеттик тилге Кыргызстан эгемендүүлүктү алганда өткөрүү керек экендигин билдирди.

«Кыргыз тилин билүү зарыл. Оштогу сепаратистер да болбойт эле. Эгемендүүлүктү алганда (мектептер кыргыз тилине) өткөндө биз кыргыз болуп калмакпыз. Өзбек мектепти бүткөндөн кийин кадрлар чыкпай калып жатпайбы»,—дейт мугалим.

Ноокат районунда жалпы 110 мектеп болсо, анын 20сында окутуу өзбек тилинде жүргүзүлүп келген. Өзбек мектептеринде кыргызча окутуу демилгеси өткөн жылдардан Кара-Суу районунда жана Ош шаарында да көтөрүлгөн.