Сот апрель окуялары боюнча ишти кошумча тергөө үчүн жөнөткөн жок

2010-жылдагы апрель революциясы боюнча иш кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн жок — сот сот жообуна тартылып жаткандардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырбаган чечим чыгарды. Жактоочу бул чечим боюнча Жогорку сотко даттануу ниетинде.

Бир аптанын ичинде сот жообуна тартылып жаткандардын жактоочусу Абдыкерим Аширов Аскер сотунун чечими боюнча Жогорку сотко даттануу ниетинде. Ал иштин материалында «көп боштуктар калып калган» деп эсептейт.

Аширов 2010-жылдагы революция боюнча ишти кошумча тергөөгө жөнөтүү өтүнүчүн соттун 12-октябрдагы отурумунда билдирген. Сот жообуна тартылып жаткандардын экинчи жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев да кесиптешинин бул өтүнүчүн колдогон.

«Мен жактоочу Ашировдун даттануусун толугу менен колдойм жана өтүнүчүн негиздүү деп эсептейм», – деген Ташбалтаев соттун буга чейинки отурумунда.

Жабырлануучуларды жактап жаткан Осунбек Жамансариев Аширов мындай аракеттери менен сот процессин создуктурууну каалап жатат деп эсептейт.

«Ал жөн гана кылмыш ишин создуктурууну каалап жатат. Бул анын аракеттеринен байкалууда [...] Бизге ал башка адамдардын кызыкчылыгын көздөп жаткандай сезилип жатат», — деп болжолдоду Жамансариев.

Жабырлануучулардын экинчи жактоочусу Жылдыз Азыкова кесиптешинин пикири менен макул.

«Кошумча тергөө үчүн жөнөтүүгө негиз жок», – деди Азыкова.

2010-жылдагы апрель окуялары боюнча 28 киши шектүү катары өтүп жатат, Курманбек Бакиев жана анын эки уулун кошкондо алардын 8и Кыргызстандан чыгып кетишкен.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли