Сотко Түлеевдин иши боюнча материалдар бир аптанын аралыгында жөнөтүлөт

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши боюнча материалдар ушул жуманын ичинде сотко жибериле тургандыгын билдирди. Азырынча ишти кайсы сот карайт белгисиз.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын кызматкери Түлеевдин иши боюнча материалдар сотко жөнөтүүгө даярдалып жаткандыгын Kloop,kgге билдирди.

Ал андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

Депутаттын жактоочусу Султан Баратов 12-ноябрда Түлеев экөө тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндөгү документке кол коюп беришкендигин жана ал жакынкы күндөрү сотко жөнөтүлүшү керектигин Kloop.kgге айтты.

«Ишти кайсыл сот карай тургандыгы аныкталгандан кийин аны сотко бүгүн эле жөнөтүшөт деп ойлойм. Анан биринчи угуу дайындалган күндү күтөбүз», – деди Баратов.

Жактоочу азырынча иштин кайсы сотко жиберилээрин билбейт.

«Тергөөнүн болгон жери – Биринчи май районунун аймагы, негизинен биринчи май райондук сотуна жиберишет. Бирок дагы башка объектилер бар. Мэриянын жайгашкан жери – Ленин району, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттор Октябрь жана Свердлов райондорунун аймагына токтотулат», – деди Баратов.

Башкы прокуратура Түлеевди 2012-жылдын июнь айынын аягында кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Ага карата эки кылмыш иши козголгон.

Депутат биринчи иши боюнча 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Башкы прокуратура Түлеевге карата экинчи кылмыш ишин 15-августта, Жогорку сот депутатты тергөө абагынан үй камагына бошотуу чечимин чыгаргандан кийин козгогон — бул кылмыш ишине байланыштуу мурунку мэр тергөө абагында калтырылган.

Экинчи иш боюнча Башкы прокуратура мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Депутат болсо айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевди жактоочу тарап депутатка карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды