Коррупцияга каршы күрөшүү органын каржылоо дээрлик үч эсеге кыскарышы мүмкүн

Өкмөт тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбооруна ылайык, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын чыгашасы 30 пайызга кыскарышы мүмкүн. Бул боюнча сурамжыланган депутаттар ар түрдүү пикирлерин билдиришти.

Өкмөт Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын бюджетин 13 миллион сомдон ашык суммага кыскарта турган мыйзам долбоорун парламент депутаттарынын кароосуна алып чыкты, деп жазат «Тазабек» маалымат агенттиги.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы бюджет өлкөдөгү каражатты «үнөмдөө» үчүн кыскартылаарын билдирди.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери ал мыйзам долбоору тууралуу эч нерсе билбестигин айтты.

Бул боюнча сурамжыланган парламентарийлердин пикири ар башка болуп чыкты. Депутат Чолпон Султанбекова мыйзам долбооруна каршы чыкты.

«Менин оюмча, айлык маяналарын кыскартуу максаттуу эмес, бул чоң толкундоолорго алып келип кырдаалды курчутат. Эгер сен таза жол менен акча таап, тиешелүү өлчөмдөгү айлык албасаң албетте, кандайдыр бир мыйзамдан сырткаркы аракеттерди жасайсың», – деп болжолдоду эл өкүлү.

Депутат Каныбек Осмоналиев Султанбекованы колдой тургандыгын айтты.

«Эгер айлык маяналарын кыскартса – бул нонсенс, туура эмес болуп калат», – деди Осмоналиев.

Эл өкүлү Наталья Никитенко карама-каршы көз карашын билдирди.

«Мен социалдык тармактагы чыгымдарды кыскарткандын ордуна мамлекеттик аппараттардагы, мамлекеттик структуралардагы чыгымдарды кыскартуунун мүмкүнчүлүктөрүн издеш керек деп эсептейм», – деди Никитенко.

Кыргызстанда эң аз дегенде коррупцияга каршы күрөшө турган беш мекеме бар.

Бирок ошол эле учурда өлкө төрт жылдан бери дүйнөдөгү эң коррупцияланган өлкө бойдон калууда — Кыргызстан «Транспэренси Интернешнл» уюмунун рейтингинде 182 өлкөнүн ичинен 164 орунда турат.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө коррупциянын бар экендигин танбайт. Коррупция менен күрөшүүчүлөрдүн катарына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да кошулган, бул тууралуу ал 2011-жылдын 1-декабрында өзүнүн ант берүү сөзүндө билдирген.

«Коррупция — бизди ичибизден жеп жаткан негизги көйгөйүбүз. Мен бул кубулушту тамырынан бери жоюу үчүн бардык укуктарымды пайдаланам», — деп Атамбаев Кыргызстандын элине убада берген кызматына киришип жатып.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли