Садыркуловдун иши: Өкүм чыгаруу котормочу ооруп калгандыктан жылдырылды

Котормочу келбегендиктен президент Бакиевдин администрациясынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү тууралуу иш боюнча өкүм чыгаруу 22-ноябрга жылдырылды.

Садыркуловдун өлүмү боюнча иште күнөөлүү катары өтүп жаткан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Сыдык Борбуев кыргыз тилинен орус тилине которо турган котормочунун жок болгондугуна байланыштуу өзүнүн акыркы сөзүн айта алган жок.

Борбуев акыркы сөзүн айтышы керек болгон жети айыпталуучунун акыркысы. Сот жообуна тартылып жаткандардын калгандары саясатчынын өлүмү боюнча күнөөлөрүн моюндарына алышкан жок.

Сот отурумду 22-ноябрга жылдыруу чечимин кабыл алды.

«Котормочу Абдыразиев ооруп калды. Сот жообуна тартылып жаткан Борбуевдин акыркы сөзүн соттун кийинки отурумунда угабыз. Сот жыйынында тыныгуу жарыяланды», — деди Аскер сотунун судьясы Марлен Тентимишев.

Борбуев Садыркулов өлдү делинген унаа кырсыгын атайылап жасаган деп шектелип жатат - укук коргоо органдары алгач Садыркуловдун өлүмүнүн себеби катары унаа кырсыгын айтышкан.

Садыркулов президенттин аппарат башчылыгынан кеткенден кийин көп өтпөй, 2009-жылдын мартында каза болгон.

Алгач, Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы сүзүшкөндө каза болгон, деп билдиришкен.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген версияны айтып чыгышкан.

Автор: Алексей Ким