Судья ооруп калгандыктан соттун «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасы боюнча отуруму жылдырылды

«Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасына тыюу салуу чечиминин мыйзамсыздыгы боюнча соттун отуруму ал ишти карап жаткан судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу жылдырылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тасма «экстремизге» түрткү боло тургандыгын билдирүүдө. Укук коргоочулар тыюу салууну «мыйзамсыз» деп эсептеп жатышат.

«Жарандар коррупцияга каршы» борборунун укуктук серепчиси Абдыкерим Аширов Kloop.kgге билдиргендей, 28-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Исмаилованын кеңсесине келип, тасманы көрсөтпөгүлө деп жазуу түрүндө эскертме берип кетишкен.

«Сот тасманын көрсөтүлүшүнө тыюу салуу чечимин тараптардын катышуусуз эле чыгарып койгон, бизди отурумга чакырышкан эмес. Бул мыйзамга туура келбейт [...] Тасма башка динге каршы эч кандай аракеттерге чакырбайт, бул жерде эч кандай чыр-чатак жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес», – деди Аширов.

Серепчи укук коргоочулардын Биринчи май райондук сотунун тасмага тыюу салган чечимин райондор аралык сотто жокко чыгартууга жетишүү ниеттери бар экендигин билдирди.

«Сот [Биринчи май райондук] эрежелердин бардыгын бузду. Бул жарандык иш. Соттун жыйынына бардык тараптар катышышы керек, а биз ал жакта болгон жокпуз», – дейт Аширов.

Атайын кызматтагылар «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасына тыюу салуу мыйзам чегиндеги аракет деп билдиришүүдө.

«Тасма Кыргызстандын аймагына таратылбашы керек. Ал экстремизмдин тутануусуна алып келиши мүмкүн болчу. Исмаилова айымдын сотко берүүгө конституциялык укугу бар. Эгер биздин аракеттер күмөндүү болуп жатса, аны жогорку инстанциядагы сот чечет», – деп билдирди басма сөз кызматынын кызматкери.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Исмаилованын сотко берүүгө укугу бар экендигин айтты. Бирок ал тасманын «Мен мусулманмын, мен «геймин» деген аталышы ар бир мусулманды кемсинтет деп эсептейт.

«Демек, аталышынан ар бир мусулман гей же жок дегенде бисексуал болуп калууда. Анын аталышы бир аз этиятыраак болушу керек деп эсептейм», – дейт Акун.

Тасмагы тыюу салуу чечиминин «мыйзамдуулугу» боюнча соттун кийинки отуруму 27-ноябрда болот.

Автор: Хлоя Гейне жана Бермет Момункулова

Редактор: Александра Ли