Түлеевдин камактагы мөөнөтү аяктагандыгы менен тергөө абагынан чыгарылган жок

«Коррупцияга» айыпталып жаткан депутат жана Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин жактоочусу ал жактоого алган депутатты бошотуу боюнча сотко арыз жөнөтөт — Түлеевдин камактагы мөөнөтү 15-ноябрда аяктаган. Азырынча Башкы прокуратура бул боюнча комментарий берген жок.

Түлеевдин жактоочусу Султан Баратов Kloop.kgге берген маегинде ал жактоого алган депутаттын камактагы мөөнөтү аяктагандыктан аны 14-ноябрда эле бошотуулары керек болчу деп билдирди.

«Мен азыр сотко өтүнүч кат жазып, аны тез аранын ичинде бошотуу боюнча кайрылып жатам. Анын баш коргоо чарасы узартылбагандыктан ал автоматтык түрдө камактан бошотулушу керек болчу, ошондуктан муну майзамсыз деп эсептейбиз», – деди Баратов.

Анын айтымында, Түлеевдин дарегине айтылган айыптоолорду андан ары текшерүү үчүн анын ишин Бишкектин райондук сотуна жөнөтүүлөрү керек болчу.

«Кечээ, кечки саат алтыга чейин Биринчи май райондук сотунда болдум. Башка жактоочулар да Бишкек шаарынын калган райондук сотторунда болушту, бирок иш алардын бирине да келген жок», – деди Баратов.

Азырынча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Түлеевдин иши эмне себептен сотко жиберилбегендигин жана депутатты эмнеге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан чыгарбай жаткандыктары боюнча комментарий берген жок.

УКМКнын басма сөз кызматы аларга Түлеевди бошотуу тууралуу көзөмөлдөөчү органдын токтому келбегендиктен депутатты бошотпогондуктарын билдирди.

«Токтом чыгаары менен аны дароо эле кое беришет», – деди басма сөз кызматынын кызматкери.

Мурунку шаар башчысынын дарегине айтылган айыптоолор

Башкы прокуратура Түлеевди 2012-жылдын июнь айынын аягында кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Ага карата эки кылмыш иши козголгон.

Депутат биринчи иши боюнча 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Башкы прокуратура Түлеевге карата экинчи кылмыш ишин 15-августта, Жогорку сот депутатты тергөө абагынан үй камагына бошотуу чечимин чыгаргандан кийин козгогон — бул кылмыш ишине байланыштуу мурунку мэр тергөө абагында калтырылган.

Экинчи иш боюнча башкы көзөмөлдөөчү орган мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Депутат болсо айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевдин тарапташтары депутатка карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды