Кызматтык териштирүүнүн башталышына 6-ноябрда Жалал-Абаддын убактылуу кармоочу жайындагы тинтүүнүн жүрүшүндө «сабалган» камактагылардын туугандарынын даттануулары себеп болду. Буга чейин Ички иштер министрлиги камактагылардын сабалгандыгы тууралуу маалыматты четке кагып жаткан.
Жалал-Абад шаардык прокуратурасы убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлерин жана камактагы 40 адамдын бардыгын суракка алып жатат, деп билдирди тергөөчү Нурбек Тургунбаев Kloop.kgге берген маегинде.
«Бизге 8-ноябрда Жалал-Абаддын убактылуу кармоочу жайындагы камакта жаткандардын туугандары арыз менен кайрылышты», — деди көзөмөлдөөчү органдын кызматкери.
Ал прокуратура окуянын чоо-жайын тактап жатат деп кошумчалады — массалык токмоктоонун болгон-болбогондугун аныктай турган соттук медициналык экспертиза белгиленген.
Бул текшерүүдөн кийин шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоо боюнча чечим чыгарат, деп белгиледи Тургунбаев. Прокуратура кызматкери тергөөнүн сыры деп, суракка алуу менен экспертиза жөнүндө кеңири маалымат берген жок.
13-ноябрда жергиликтүү «Адилеттүүлүк» укук коргоо уюму «сабалгандарды» милиция тарабынан мүмкүн болгон басым жасоосунан коргоо өтүүчү менен Башкы прокурор Аида Саляновага арыз жөнөткөн.
«Ошондой эле биз аты аталып жаткан убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетүүнү талап кылып жатабыз», — деп билдирди «Адилеттүүлүктүн» координатору Абдумалик Шарипов Kloop.kgге.
Укук коргоочу кошумчалагандай, уюм өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартпай коюп «катуу жабырланган» үч адамды жактоочу менен камсыз кылган. Уюм буга чейин «токмоктоо» маалында камактагыларды жылаңач кылып чечиндиришкендигин билдирген.
«Адилеттүүлүк» убактылуу кармоочу жайлардагы тинттүүнүн расмий эрежелерин алуу үчүн Ички иштер министрлигине сурам даярдап жатат, деп кошумчалады Шарипов.
Окуядан кийин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, шаар прокурору жана ИИМдин ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери камактагылар менен жолугушкан.
«Камактагыларды токмоктоо фактылары катталган жок. [...] Алар чагымчылыкты өзүлөрү кылышкан. Тинтүүнүн жүрүшүндө камералардан мобилдик телефондор жана башка тыюу салынган предметтер табылган. Анын бардыгы алынды. Камактагылар буга нааразычылыгын билдирип акция уюштурушту. Жарааттар анча деле оор эмес, алардын өмүрү үчүн коркунуч алып келбейт», — деп жазган «24» маалымат агенттиги министрликке шилтеме жасап.
Эл аралык назар
Жалал-Абаддагы камактагылардын «массалык сабалышы» «Эркиндик үнү» укук коргоо борбору менен эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Уотч» уюмдарынын көңүлүн бурду.
«Эркиндик үнү» «массалык сабоого» арналган өз материалында камактагылар тинтүүгө каршылыктарын билдирип лезвия менен колдорун, билектерин жана курсактарын тилгендиктерин жазган.
«Алар (камактагылар) лезвиялардын жардамы менен өздөрүнүн денелерин тилишкен, лезвияларды кайсыл жактан алгандыктарын айтуудан баш тартышты. Аларга тез жардамды 8-ноябрда, качан гана биздин текшерүүлөр башталганда чакырышты», — деди акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова.
«24» агенттиги Ички иштер министрлигине шилтеме жасап, мекеме камактагылардын бул аракеттери жөнүндөгү маалыматты ырастагандыгын билдирди. Анда жазылгандай, камактагылар «негизсиз» талаптарды коюшкан:
- «общак» камерасын ачуу;
- мобилдик телефондордун сигналын өчүрө турган каражаттарды алып салуу;
- сейилдөө убактысын көбөйтүү;
- туугандары жана жакындары менен болгон жолугушуулардын санын жана убактысын көбөйтүү;
«Хьюман Райтс Уотчтун» Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Хью Уильямсон камактагылардын чечинтилип сабалгандыгын эч нерсе актай албайт деп билдирди.
«Мындай мыйзам бузууга алар тараптан алынган мобилдик телефондор жана башка тыюу салынган нерселердин бардыгы эч качан актоо болуп бере албайт. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тез аранын ичинде тергөө иштерин башташы керек», — деп жазылган уюмдун пресс-релиздеринин биринде Уильмсондун айткандары.
Эл аралык уюм «Адилеттүүлүктүн» милиция кызматкерлери «камактагыларды ырайымсыздык менен башка, бетке жана бөйрөктөргө урган» деген катына таянууда.
«Алар камактагыларды жылаңач кылып чечинтишип, чуркаткан. Камактагылардын бири аны убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери муунтушкандыгын айтты», — деп Жалал-Абаддагы укук коргоочулардын билдирүүлөрүнө шилтеме жасап жазган уюм.
«Хьюман Райтс Уотчтун» Европа жана Борбордук Азия боюнча директору бул окуя боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өзүнүн ички териштирүүлөрүнүн жыйынтыктарына гана таянбашы керек деп кошумчалады.
«Бийликтегилер бул боюнча көз карандысыз жана калыс тергөө жүргүзүшү керек», — деди Уильямсон.
Бул камактагылардын массалык башаламандыгына алып келген биринчи тинтүү эмес — 2012-жылдын январында Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында да башаламандык болгон, анын себеби катары «күтүүсүздөн өткөрүлгөн тинтүү» иштери айтылган.
Укук коргоочулардын айтымдарында, козголоңдун жүрүшүндө жалпысынан жети киши каза болгон. Анда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги укук коргоочулардын ал маалыматтарын четке кагып, камактагылар өзүлөрү тергөө абагынын кызматкерлерине кол салышкан деп билдирген.
Автор: Евгений Погребняк