Сот прокуратураны Түлеевдин «мыйзамсыз» камалып турушуна күнөөлүүлөрдү жазалоого милдеттендирди

Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурунку мэри жана депутат Нариман Түлеевдин камактагы мөөнөтү аяктагандан кийин анын тергөө абагында камалып тургандыгын «мыйзамсыз» деп тапты. Башкы прокуратура саясатчынын камалып турушунун «мыйзамсыздыгын» четке кагып жатат.

Сот башкы прокурор Аида Салянованы мурунку шаар башчысынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында «мыйзамсыз» камалып турушуна «күнөөсү барларды таап, жазалоого» милдеттендирди, деди саясатчынын жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев.

«Сот башкы прокурорду бардыгын учурдагы мыйзамга ылайыкташтырыш үчүн болгон аракеттерди көрүүгө милдеттендирди. Башкы прокуратура көрүлгөн чаралар тууралуу бир айдын аралыгында билдириши керек», — деди экс-мэрдин жактоочусу.

Ал Түлеевдин иши анын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду кароо үчүн Биринчи май райондук сотунан Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилгендигин кошумчалады.

Башкы прокуратура Түлеевдин 14-ноябрдан кийинки тергөө абагында камалып тургандыгынын «мыйзамсыздыгын» четке какты.

Мурунку шаар башчысынын камактагы мөөнөтү 14-ноябрдан кийин эмес 15-ноябрда саат 21:45те аяктаган, деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын кызматкери.

Ал сот жообуна тартылып жаткан адамдын камактагы мөөнөтү кармалгандан баштап иштин сотко жөнөтүлгөндүгүнө чейин эсептелет деп жазылган Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 111-беренесине таянууда. Башкы прокуратуранын кызматкери Түлеевдин ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Бирок ал колу бошобой жаткандыгын айтып, Түлеевдин тергөө абагынан чыгарылбагандыгынын себебин жана ага күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн башкы прокуратура кандай чараларды көрө тургандыгын тактап айткан жок.

Экс-мэрдин дарегине айтылган айыптоолор

Башкы прокуратура Түлеевди 2012-жылдын июнь айынын аягында кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Ага карата эки кылмыш иши козголгон.

Депутат биринчи иши боюнча 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Башкы прокуратура Түлеевге карата экинчи кылмыш ишин 15-августта, Жогорку сот депутатты тергөө абагынан үй камагына бошотуу чечимин чыгаргандан кийин козгогон — бул кылмыш ишине байланыштуу мурунку мэр тергөө абагында калтырылган.

Экинчи иш боюнча башкы көзөмөлдөөчү орган мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Депутат болсо айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевдин тарапташтары депутатка карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.

Автор: Алексей Ким

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды