Өзгөн: Окуучулар билим алуу үчүн жети чакырымга коңшу айылга барышат

Дөң-Булак айылындагы балдар күн сайын жөө басып, кошуна айылдагы мектепке каттоого аргасыз. Жаш балдардын саны аз болгондуктан, өздөрүнүн кыштагына мектеп куруу чечилбей келүүдө. Райондук билим берүү башкармалыгы муну маселе кылып көтөрүү туура эмес деген пикирде.

Дөң-Булакта жашоочулардын саны аз болгондуктан, айылдагы мектеп 4-класска чейин гана окутат. Андан аркы билимди балдар Мырзаке айылына барып алышат. Азыр каттап окуп жаткан окуучулардын саны 23. Билим алуу үчүн күн сайын жети чакырым нары, жети чакырым бери каттап жүргөн тестиерлердин бири Элдос Нурлан уулу.
«Жолго чыкканда күнүгө машине тособуз. Кээ бири алат, кээ бири албайт. Көбүнчө жөө кетебиз. Өткөн күнү бир киши бизге мындай деди: баласы бар айдоочулар жол боюнда машине тоскон балдарды алып алат экен, баласы жоктор токтобойт экен»,—деди окуучу.

Балдар каттаган жол чоң болгондуктан, машинелер арбын. Четинде жөө жүргүнчүлөргө ылайыкташкан жол салынган эмес. Окуучулар жок дегенде бир тарапка машине менен барышса, бул алар үчүн майрам.

Аралык алыс болгондуктан, чарчап калган балдарда окууга болгон дилгирлик байкалбайт. Мындай пикирин алардын мугалим Анаргүл Сатыбалдиева билдирди.
«Эрте келет уйку сурап, кээде аябагандай кечигип келгени үчүн кемсинүү пайда болот. Окуучулар алыстан чарчап келгенде кээде сабакка көңүл деле бура албай калышат да. Чарчап, отуруп, бир топко чейин барып, анан 2-3-саатка барган кезде анан кайра чарчоолору таркап,сабакка көнүл буруп, көздөрү куунак болуп калганда, чарчоосу жазылыптыр деп көңүл тынчыйт. Бирок күндө ошол кайталанат, бала экен да чыдайт экен», —деп айтты Сатыбалдиева.

Балдары мектепке каттаган ата-энелердин түйшүгү да өзүнчө көйгөй. Узатып коюу, тосуп алуу, же болбосо мектепке барып алып келүү үчүн сөзсүз бир киши убара. Кыш жакынадаган сайын жүрөк заадалары күчөгөнүн жашоочу Жыпаргүл Адылова айтууда.

«Эрте менен саар кетишет. Азыр го жарыкта кетип жатышат, эртен кыштын күнүндө караңгыда кетишет. Бизге транспорт уюштуруп беришсе жакшы болот эле. Кыш келгенде үшүшөт. Жолдо кыйналышат, машина албайт мына жерден тоссок, өзүм чыгып алып салам, жолго», —деп даттанды ал.

Окуучулар үчүн чакан автобус бөлүнсө экен деп тилеген ата-энелер бул маселени бир канча жолу жергиликтүү бийликке жолдогону менен майнап чыкпаптыр. Бирок Райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Ибадат Мурзаибраимова балдардын каттап окуганын маселе кылып көтөрүү туура эмес деген ойду айтты.

«Жолдун чети менен балдарды жүргөнгө үйрөтүшүбүз керек. Анын эмнеси бар экен? Бала деген жолдун чети менен барып келген эн жакшы нерсе да. Тоолуу жерлерибизде балдар 2 тоодон ашып барып окуган окуучулар болуп жатат. Мындан маселе козгоонун кереги жок. Туз жер, балдар барышат, келет, окуйт. Өтө алыстык деле кылбайт. Транспорт маселесин өкмөт чечет», —дейт Мурзаибраимова.