Бишкек мэриясы таза суунун аз калгандыгы тууралуу маалыматты четке какты

«Бишкекводоканал» ишканасы «КирТАГ» маалымат агенттигинин таза суу Бишкек шаарына 10 жылга жеткидей гана калды деген маалыматын четке кагууда. Экология тармагы боюнча эксперт суу 50 жылдан кийин «бир топ эле аз калат» деп билдирди.

«Бишкекводоканалдын» башкы инженери Владимир Игнатенко «КирТАГ» агенттигинин маалыматын четке какты – анда ишкананын башчысы Асылбек Исаев суунун запасы Бишкекке 10 жылга жетет деп айткан.

«Журналисттер туура эмес түшүнүп калышыптыр. Бул жарык дүйнө турганда суунун запасы көпкө жетет», — деди Игнатенко Kloop.kgге берген маегинде.

«КирТАГ» агенттигинде басылып чыккан макаланын автору Диана Эсеналиева Исаевге шилтеме жасап, жер алдындагы суулардын запасы Бишкекке 10 жылга гана жетет деп жазган.

Игнатенко түшүндүргөндөй, Исаев суунун запасы аз калгандыгын эмес, сууну жер алдынан соруп чыгарган насостор 10 жылдан кийин иштебей калат деп айткысы келген.

Эколог Увасип Аманбаев эгер шаардыктар таза сууну азыркыдай ысырапкорчулук менен пайдалана беришсе, суу «жакынкы» жылдары түгөнүп калышы мүмкүндүгүн айтты.

Айтымында, Бишкек шаарындагы таза суунун көпчүлүк бөлүгүн унаа жуучу жайлар менен ЖЭБ сарптайт.

«Ар бир бишкектик күнүнө 80 литрдин тегергегиндеги сууну колдонот. Унаа жуучу жайлардын пайда болушу менен суу көп кете баштады, буга чейин алар жок болгон да. Азыр болсо элестетип көргүлө бир унааны жууш үчүн  100 литр суу коройт, а алар бир сааттын ичинде он чакты унаа жуушат», — деди Аманбаев.

Ал Бишкекте 50 жылдан кийин суу «бир топ эле» аз калаарын кошумчалады.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли