Кызыл-Кыяда уурдалган кыздын ата-энеси издөө иштерин убактылуу токтотту

Бир ай мурун Кызыл-Кыя шаарындагы базардан уурдалган бир жашар Айбике Абдилакимованы издөө иштеринин токтотулушуна каражаттын тартыштыгы себеп болду. Милиция азырынча издөө натыйжа бере электигин билдирди.

Наристенин атасы Асан Абдилакимов Kloop.kgге берген маегинде үй-бүлө каражат жетишпегендиктен кызын издөөнү убактылуу токтоткондугун билдирди. Бирок ал издөө иштеринин жыйынтыгын билүү үчүн күн сайын милиция менен байланышып тураарын кошумчалады.

«Мен милиция менен акыркы жолу 16-ноябрда байланышкам. Көзү ачыктарга да кайрылдым. Алар бир жарым же эки айдан кийин кызын табылат дешти», — деди кыздын атасы.

Абдилакимов милиция менен бирге Ошко, Жалал-Абадка жана Папан айылына барып келгендигин, бирок ал эч кандай жыйынтык бербегендигин билдирди.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Болот Жангазиев милиция кызды издеп жаткандыгын, эгер жыйынтык болсо дароо эле билдире турандыктарын айтты.

Бир жашар Айбике Абдилакимованы Кызыл-Кыя шаарынын базарынан бир ай мурун уурдап кетишкен. Бейтааныш аял кыздын апасынын жанына келип, баланы кармап турууну сунуш кылган.

Андагы видоебайкоо камерасы бардыгын - кыздын чоочун аялга берилишин жана анын кыз менен бирге кетип калгандыгын толугу менен тартып алган.

Видоедо кызды алган чочун аялдын кайсыл жакка кеткендиги жана ал маалда кыздын апасы башка жакты карап тургандыгы көрүнүп турат.

Видеого ылайык, апасы баласын бергенден алты мүнөт өткөндө аны эстей коюп карама-каршы багытта издеп жөнөгөн.

«Өлкөнүн бардык аймактарында издеп жатышат»

Буга чейин Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Абдисалам Нарматов милиция жергиликтүү жашоочулардын бардыгынан сурап, Айбикенин сүрөттөрүн таратып жаткандыгын айткан.

«Кимдир бирөө укса кабарлап коюңуздар деп адамдарга айтып атабыз. Биз сурабаган адам калган жок. Такси айдоочуларынан, жүргүнчүлөрдөн, ары-бери өткөндөрдөн, төрөт үйлөрүнөн сураштырдык. Ал жерлердин бардыгын текшерип жатабыз», — деген Нарматов Kloop.kgге берген маегинде.

Тергөөчү милиция ал кыздын уурдалгандыгы тууралуу маалыматтар жергиликтүү телеканалдар аркылуу берилип жаткандыгын кошумчалаган.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчүсү кызды издөө иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп жаткандыгын Kloop.kgнин кабарчыларына билдирген.

«Балдар иштеп жатышат, бирок кыз азырынча табыла элек. Издөө иштери Жалал-Абадда, Бишкекте, республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат», — деген нөөмөтчү.

«Балдардын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фонду 2012-жылдын май айында статистикалык маалыматын жарыялаган - ага ылайык, Кыргызстанда жылдын алгачкы төрт айында эле 40 наристе уурдалган.

Кыргызстандын Кылмыш кодексинде бала уурдоо үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Авторлор: Бегимай Жумабай кызы жана Бурулай Кадырбек кызы