Түлеев сот процесси аяктаганга чейин тергөө абагында болот

«Коррупцияга» айыпталып жаткан Бишкектин мурунку мэри жана парламент депутаты Нариман Түлеев соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта болот. Жактоочу бул чечим боюнча процесстин башталышында даттана тургандыгын айтты.

Ленин райондук соту коррупцияга айыпталып жаткан Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин камактагы мөөнөтүн соттук процесстин аягына чейин узартты. Соттун биринчи отуруму 30-ноябрда башталат.

Саясатчы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында дээрлик беш айдан бери камакта жатат. Ал 2012-жылдын июнь айынын ортосунда кармалып, камакка алынган.

Айыпталып жаткан саясатчынын жактоочусу Султан Баратов депутатты сот отурумунун башталышында эле бошотуу өтүнүчү менен судьяга кайрыла тургандыгын айтты.

Түлеевдин тергөө абагында камалып туруусу боюнча талаш-тартыштар ноябрдын ортосунда, экс-мэрдин жактоочуларынын ал 14-ноябрдан 15-ноябрга караган түнү камактагы мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу кое берилиши керек болчу деген билдирүүлөрүнөн кийин башталган.

Түлеев камактагы мөөнөтүнүн аяктагандыгына карабастан тергөө абагынан чыгарылган эмес. Башкы прокуратура саясатчынын тергөө абагынан чыгарылбагандыгынын себебин түшүндүргөн жок.

Түлеедин кармалышы

Башкы көзөмөлдөөчү орган Түлеевди 2012-жылдын июнь айынын аягында кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Ага карата эки кылмыш иши козголгон.

Депутат биринчи иши боюнча 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Башкы прокуратура Түлеевге карата экинчи кылмыш ишин 15-августта, Жогорку сот депутатты тергөө абагынан үй камагына бошотуу чечимин чыгаргандан кийин козгогон — бул кылмыш ишине байланыштуу мурунку мэр тергөө абагында калтырылган.

Депутат болсо айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевди жактоочу тарап депутатка карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.

Автор: Алексей Ким

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды