«Жерүй» алтын кенин иштетүү мамлекетке эң аз дегенде 100 млн доллар алып келет

Талас облусундагы «Жерүй» алтын кенин эки айдын аралыгында сынакка коюшат. Кен иштетилип баштаган алгачкы күндөрү бюджет 100 миллион доллардан ашык киреше алат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 17-ноябрда, өзүнүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Жерүй» алтын кенинде болду.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев кен эки айдын ичинде сынакка коюлаарын билдирди. Анын жеңүүчүсү кенди иштетүү укугуна ээ болот.

«Жерүй» алтын кени боюнча сынак өткөндөн кийин киреше 100 миллион доллардан кем болбойт деген үмүттөбүз. Биз аларга [инвесторлорго] максималдуу жардам көрсөтүлүп, ачыктык болоорун айттык», ― деп жазат «КирТАГ» маалымат агенттиги Сатыбалдиевдин айткандарын.

Мамлекеттин кирешеси кенди иштетүүнүн көлөмү жогорулаган сайын көбөйүп турат. Кенди иштетүүгө тендердин шарттары жана керектүү болгон жоболор сыяктуу укуктук базалар даярдалгандан кийин сынак жарыяланат.

«Жерүй» ― Талас облусунда жайгашкан алтын кени. Анын запасы 80-96 тонна алтын жана 10-13 тонна күмүшкө бааланууда.

Буга чейин кенди иштетүү лицензиясына «Жерүйалтын» ЖАКсы ээлик кылган, бирок 2010-жылы документ жокко чыгарылган. Компания лицензиясын сактап калуу үчүн эки жыл соттошту, бирок Кыргызстандын Жогорку соту жокко чыгаруу чечимин өз күчүндө калтырган.

Автор: Аскар Акталов