Акыйкатчы курсанттын өлүмүнө ИИМ академиясын айыптады

Мамлекеттик укук коргоочу Турсунбек Акун курсант Нурлан Ниязбаевдин өлүмүнө Ички иштер министрлигинин академиясынын жетекчилиги күнөлүү деп эсептейт. Окуу жайдын ректору акыйкатчынын айыптоолорун четке кагып, аларды «пиар» деп атады.

Акун журналисттер менен жолугушуу маалында акыйкатчы аппаратынын комиссиясы үчүнчү кабаттан кулап кетип каза болгон курсанттын өлүмүнө ИИМ академиясынын жетекчилиги күнөөлүү деген жыйынтыкка келгендигин айтты.

«Комиссия төмөнкүдөй жыйынтыкка келди: Академиянын өзүнүн медициналык кызматы бар болгону менен медициналык жардам өз убагында көрсөтүлгөн эмес, тез жардам чакыруу боюнча академия кызматкерлери эч аракет көргөн эмес», – деди акыйкатчы.

Комиссиянын төрайымы Гүлзина Асаналиеванын айтымында, Ниязбаев курсташтарынын бирине академиядагы «кемсинтүүлөр» тууралуу айтып, ага даттанган.

«Бизде анын курсташы Сопуевдин көрсөтмөсү бар. Ал Ниязбаев спирт ичимдигин ичип жатып академияда өзүн жаман сезип жаткандыгын жана достору аны менен сүйлөшпөй калганын айтып даттангандыгын билдирген», – деди Асаналиева.

Академиянын жетекчилигинин версиясы боюнча, каза болгон курсант мас абалында үчүнчү кабаттын кулап кеткен.

Асаналиева комиссия ал окуу классына кирип, анын терезесин көргөндүгүн айтты. Ал терезенин тешиги тар болгондуктан ага адамдын батышы өтө эле кыйын экендигин кошумчалады.

«Терезенин тешиги – тар. Академия жетекчилиги ал тең салмактуулукту сактай албай кулап кеткен деп айтканы менен жөнөкөй далылуу киши терезенин ал тешиги аркылуу өтө албайт», – деди Асаналиева.

ИИМ академиясынын башчысы Алмаз Базарбаев Акун бул ишти пиар кылуу үчүн колдонуп жатат деп эсептейт.

«Курсанттын өзү тарабынан жөнөкөй гана кызматтык тартип бузуу болгон. Үч бөтөлкө аракты экөө ичкен. Биздин түн ичинде курсанттарды көзөмөлдөөгө укугубуз жок. Биздин мекеме кайтарууга алынган мекеме эмес, окуу мекемеси да», – деди Базарбаев.

Курсанттын каза болгондугу фактысы боюнча кылмыш иши 20-октябрда козголгон. Учурда иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.

Автор: Хлоя Гейне

Редактор: Александра Ли