Жогорку сот депутаттардын айлык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу маселесин карайт

Парламент депутаттардын айлык маяналары, төлөмдөрү тууралуу маалыматты Жогорку сот аркылуу жашырууга аракет кылат. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов парламентирийлердин өзүлөрү ал маалыматтарды жарыялоого каршы эместигин айтууда.

Депутаттардын айлык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу маселесин биротоло чечүү үчүн парламенттин юридикалык бөлүмү Жогорку сотко кайрылды.

«Биз бул маселени биротоло чечип, Жогорку сотто чекит коюу үчүн даттандык», — деди сотто Жогорку Кеңештин өкүлү Эрнис Бакиев.

Парламент өкүлү мурункудай эле депутаттардын айлыктары тууралуу маалыматтар көпчүлүк үчүн эмес кызматтык колдонууга арналгандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

Бирок Бакиев Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы ал маалыматтарды депутаттардын макулдугу менен же Жогорку соттун чечиминен кийин жарыялоого даяр экендигин айтты.

«Ал кызматтык колдонуу үчүн болгондуктан аны жалпыга жарыялай албайбыз. Бирок соттун чечими болсо, анда албетте, ачыкка чыгарабыз. Бирок бул үчүн бардык инстанциялардан өтүү керек», — деди парламент кызматкери.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов Жогорку Кеңештин беш фракциясындагы депутаттардын бардыгы тең өз айлыктары тууралуу маалыматты жашырбай тургандыгын айтты.

«Алсак, КСДПнын депутаттары, депутат Равшан Жээнбеков, «Ар-Намыстан» Токон Мамытов. «Ата-Журттун» өкүлдөрү да жашырбай эле. Бардык партиянын өкүлдөрү жашырбайт», — деди укук коргоочу.

Ал Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы Жогорку Кеңештин аппаратынын ишмердүүлүн текшерүүгө алышы керек деп эсептейт. Анын пикиринде аппарат төлөмдөр тууралуу маалыматты «болгон күчүн колдонуп» жашырууга аракет кылып жатат.

«Парламенттин аппараты жеке жашоонун сырына шилтеме жасап эмнегедир жашырып жатат. Тактап айтканда, ал өз каржылык алдамчылыктарын жашыруу үчүн депутаттардын кызыкчылыгын жамынып жатат», — деп болжолдоду «Прецеденттин» башчысы.

Ноябрь айынын башында парламент аппаратты депутаттардын айлык маяналары жөнүндөгү маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирген Бишкек райондор аралык сотунун чечимин жокко чыгарта алган эмес.

Укук коргоочулар Жогорку Кеңеш менен 2012-жылдын май айынан бери соттошуп келе жатат.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган парламент депутаттары эмне себептен Жогорку Кеңештин аппараты эл өкүлдөрүнүн айлыктары тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылып жаткандыгын түшүнбөй элебиз деп айтышкан.

Автор: Алексей Ким

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды