Эки аптанын ичинде гепатит А менен ооругандардын саны дээрлик 20 пайызга азайды

Кыргызстанда гепатит А менен ооругандардын саны 300 кишиге азайды,деди Санитардык эпидемиологиялык станциянын көзөмөлдөө жана баа берүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурболот Үсөнбаев. Ал 2013-жылдын январында гепатит оорусуна чалдыккандардын саны тез арада азайышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Санитардык эпидемиологиялык станциянын маалыматына ылайык, ноябрь айынын башында гепатит А менен ооругандардын саны 1409га жетсе, эки жуманын ичинде алардын саны 1106га чейин төмөндөгөн.

«Азырынча ооруга чалдыккандардын саны бир топ эле. Менимче, декабрдын ортосуна чейин ушундай болот, мүмкүн андан эртерээк. Көрүп жатасыңар аба ырайынын кандай болуп жаткандыгын. Мындай суукта адамдар бири бири менен көп байланышпайт», — деди Үсөнбаев.

Ал азыр мектептерде карантин жарыялоонун зарылчылыгы жок экендигин айтты.

Карантин жарыялоо чегине жетүү үчүн класста бир маалда ооруп жаткан окуучулардын саны бешке жетиши керек.

«Мына акыркы жума — Бишкектеги ооруга чалдыккан мектеп окуучуларынын саны 273. 13 мектепте гепатит А катталган жок. 30 мектепте бирден катталган. 47 мектепте экиден бешке чейинки учурлар, ал эми тогуз билим берүү мекемесинде алтыдан жетиге чейин катталган. Үч мектепте сегиз, тогуз ооруга чалдыккан окуучу бар экендиги аныкталды. Бул учурлар бири-бирине байланыштуу эмес. Бул оорулар үйдөн тутанган», — деди көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси.

Дарыгерлер буга чейин бир жылда гепатит А менен ооругандардын саны 30 пайызга көбөйгөндүгүн билдирген.

«Эмдөөчү дарылар бар, аны менен Кыргызстанда жекече колдонушат. Көбүнчө чет өлкөлөргө чыгып бара жаткан адамдар колдонот», — деген Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев.

Гепатит А – бул курч мүнөздөгү боордун жугуштуу оорусу. Тамак же суу аркылуу жугат.

Автор: Эльдос Казыбеков